Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:48

Түркия Швециянын НАТОго киришине макулдугун берди


Түркиянын парламенти шейшембиде Швециянын НАТОго киришине макулдугун берди. Бул тууралуу Bloomberg маалымдады. Түркия Швециянын альянска кирүүсү боюнча протоколду буга чейин бир катар шарттарды коюп, ратификациялабай келген. Расмий Анкара Стокгольмдон башпаанек алган күрт активисттерин өткөрүп берүүнү жана курал-жарак сатууга коюлган эмбаргону алууну талап кылган. Режеп Эрдоган Швецияда Курандын өрттөлгөнүн сынга алып, мындайга тыюу салууну талап кылган.

Былтыр июлда түрк президенти Режэп Эрдоган АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуусунда өлкөсү Швециянын НАТОго киришине тоскоолдук кылбасын айтып, октябрь айында протоколго кол койгон. Эми ал парламент колдоп берген документке кол коюшу керек.

Швециядан кийин НАТОго мүчөлүккө Венгриянын талапкерлиги турат.

Түндүк атлантикалык альянска кирүү арызын Швеция 2022-жылы майда Финляндия менен чогуу берген. Эки өлкө тең Орусиянын Украинага кол салышынан кийин көптөн берки нейтралитет саясатынан кетишкенин жарыялашкан. Швеция НАТОнун кансыз согуштан кийинки машыгууларына катышып жүрөт.

Швеция жана Финляндиянын альянска кириши менен Орусия үчүн маанилүү болгон Балтика деңизи иш жүзүндө НАТОнун менчиги болуп калат. Орусиянын НАТО менен чек арасы 1215 чакырымдан 2600 чакырымга узарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG