Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

Apple Орусияга 1,2 млрд рубл айыппул төлөдү


Apple корпорациясы Орусияга 1 млрд 177 млн 988 700 рубль антимонополиялык айыппул төлөдү. Бул тууралуу Федералдык монополияга каршы кызматы маалымдады. Ага ылайык, Apple кол телефон үчүн тиркемелерди иштеп чыккандарга гаджеттеги App Store дүкөнүнөн тышкары сатып алууларды жүргүзүүгө болорун маалымдоого тыюу салган. Ошондой эле орусиялык тиркемелерди компаниянын акы төлөөчү инструменттерин колдонууга мажбур кылган.

Мындан тышкары Apple тиркемелерден өздөрүнүн интернет-ресурстарына шилтемелерди жок кылууну талап кылып, тиркемеге катталууда тышкы сайттарга чыгаруучу жолдорун жапкан.

Федералдык монополияга каршы кызматы компаниянын бул кадамдарын тиркемелер базарында артыкчылык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптады.

Apple корпорациясына айыппул былтыр салынган. Компания айыппулду 2024-жылдын 19-январында төлөп бергени маалымдалды.

Былтыр күзүндө Apple орусиялык тиркемелерге iOS жана iPadOSто тышкы төлөм системалары аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө уруксат берген. Бул сот чечимине ылайык ишке ашкан.
Мындай укукту Apple орусиялык тиркемелерге гана берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG