Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:29

Газа: Палестин мамлекетин түзүү тынчтыктын жолубу?


Палестиналык качкындар лагери. Рафах шаары. Газа сектору
Палестиналык качкындар лагери. Рафах шаары. Газа сектору

19-январда Израил армиясы (ЦАХАЛ) үч айдан ашуун курчоодо турган Газа тилкесинин түштүк бөлүгүн бутага алды. France Presse агенттиги күбөлөрдүн айткандарына таянып билдиргендей, анклавдын түштүгүндөгү ири Хан-Юнис шаары аткыланып, бир нече жолу абадан чабуул жасалды.

Израил ал жерде ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде тыюу салынган) көптөгөн мүчөлөрү жана лидерлери жашынып отурат деп айтып келет.

Газа.
Газа.

Кызыл Ай коомунун кызматкерлери ал-Амал ооруканасынын жанында артиллериялык аткылоо болгонун кабарлашты.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги 19-январга караган түнү 77 киши каза болгонун, ондогон киши жараат алганын билдирди.

Жөөт аскерлери Газанын түштүгүндө «Гивати» бригадасы иштеп жатканын маалымдады.

"Жоокерлерибиз бетме-бет салгылашууда ондогон террористти жок кылышты. Аларга танктар жана авиация менен колдоо көрсөтүлдү", - деп айтылды ЦАХАЛдын маалыматында.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Израилдин бир нече шаар-кыштагына кол салгандан кийин башталган согуштан берки кырдаал 18-январда саясий билдирүүлөр менен коштолду.

Израил келечекте Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жана Газа тилкесиндеги коопсуздукту өзү гана көзөмөлдөй турганын жана АКШнын чакырыктарына карабастан Палестин автономиясынын башкаруусуна макул болбой турганын билдирди.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай позициясын Вашингтонго жеткиргенин айтты.

"Кандай болгон күндө да Израил Иордан дарыясынын батыш тарабындагы бардык аймактын коопсуздугун көзөмөлдөп турушу керек. Бул зарыл шарт жана ал суверенитет (палестиндердин) идеясына карама-каршы келет, айла барбы? Бул чындыкты мен биздин америкалык досторубузга айтып жатам жана бизге Израилдин коопсуздугуна залакасын тийгизе турган реалдуулукту таңуулоо боюнча бардык аракеттерди четке кагып келатам", - деди.

Премьер-министр Газанын «Израил мамлекетин жок кылууга үндөбөгөн, Израилге террористтерди жөнөтпөгөн» жарандык бийлигин тааный турганын кошумчалады.

Израилдин башкы союздаштарынын бири АКШ палестиндердин өз мамлекети түзүлмөйүнчө бул аймакта тынчтыктын орношу мүмкүн эмес экенин белгилеп келет.

Израилдин аймактагы узак мөөнөттүү коопсуздук маселесин жана Газаны жакын арада калыбына келтирүү көйгөйүн палестин мамлекетин түзмөйүнчө чечүүнүн жолу жоктугун 18-январда Мамлекеттик департамент билдирди.

«Кандай гана жаңжал болбосун, ал бир маалда токтой турганына жана палестин мамлекетин түзү үчүн алдыга карай саясий жол болушу керек экенине ишенебиз. Бул палестин элинин мыйзамдуу үмүтүнө, кыялдарына гана жооп эмес, бул болгон бирден бир жалгыз жол. Бул израил элинин бекем коопсуздугун камсыз кылуучу дагы жалгыз жол», - деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Мэтью Миллер.

Миллер Тел-Авив мындай жолго азыр макул болсо туура экенин, себеби дал азыркы тапта аймактагы өлкөлөр Израилдин коопсуздугуна кепилдик бергенге даяр турушканын кошумчалады.

Палестиндердин өз мамлекети болмоюнча аймакта туруктуу коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүн эмес экенин жакында бул аймактагы дээрлик бардык ири мамлекеттерди кыдырып, жетекчилери менен жолугуп чыккан АКШнын мамлекеттик катчсы Энтони Блинкен да белгилеген. Ал «палестиндердин өзүн өзү башкаруу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук жаратуучу кадамдарды токтотуу зарылдыгын» айткан.

Бир нече араб өлкөсү жана Түркия Газаны калыбына келтирүүгө, анклавдын саясий келечегин аныктоого жана аймакта бекем тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуулукту камсыз кылууга багытталган аракеттерин Кошмо Штаттар менен координациялоого даяр экенин Блинкен 8-январда билдирген.

Мамкатчы 9-10-январь күндөрү Түркия, Грекия, Иордания, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) жана Сауд Арабиясы өлкөлөрүн кыдырып, Израилдин жана Палестин автономиясынын жетекчилиги менен жолуккан.

Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Салман Ал Сауд менен жолугушуудан кийин Блинкен бул өлкө "эгер Газадагы согуш токтотулса, палестин мамлекетин түзүүгө карай чыныгы кадамдар жасалса, Израил менен дипломатиялык мамиле түзүүгө кызыкдар болорун" билдиргенин айткан.

Буга чейин аталган өлкөлөр АКШнын дипломатиялык кадамдар тууралуу бул өңдүү чакырыктарын четке кагып келишкен.

Оккупацияланган аймакта палестин мамлекетин түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр АКШнын ортомчулугу менен он жыл мурда да жүргүзүлүп, жыйынтык чыккан эмес.

Газа: Качкындар, гуманитардык кризис

Улуттар Уюму 7-октябрда башталган согуштун айынан Газанын 2,4 миллион тургунунун 85% үй-жайын таштап качууга мажбур болгонун, качкындар лагерлерин ачарчылык жана оору тооруп турганын айтууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кырдаал «жетчү жерине жетип» калганын, таза суу тартыштыгынан сарык жайылып жатканын билдирди.

17-январда Израил жана ХАМАС Газа тилкесинде барымтада турган израилдиктерге дары-дармек өткөрүп берүүнү жана бул үчүн анклавдын эң көп талкаланган райондоруна гуманитардык жардам жеткирүүнү макулдашкан. Мунасанын табылышына Катар жана Франция өлкөлөрү ортомчу болгон.

Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 22 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG