Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

"Журналисттерди камоону токтотуу керек". Эл аралык уюмдардын үндөөсү


“Темиров LIVE” редакциясында иштегендер камалган учур. ИИМдин имаратынын алды. 16-январь, 2024-жыл
“Темиров LIVE” редакциясында иштегендер камалган учур. ИИМдин имаратынын алды. 16-январь, 2024-жыл

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жакындан көз салган эл аралык уюмдар маалымат каражаттарынын кеңселеринде, алардын кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, журналисттерди кармаган окуяларды кескин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого үндөдү.

"Бийлик журналисттерди коркутуп-үркүткөндү, куугунтуктаганды токтотушу зарыл"

«Жарандык укуктардын коргоочулары», Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, People in Need, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация, Кыйноолорго каршы эл аралык уюм жана Укук коргоочуларды коргоо обсерваториясы баштаган уюмдар 16-январда Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Анда алар кыргыз бийлигин бир катар эркин маалымдоо каражаттарына карата "согушту пропагандалоо" жана "жапырт башаламандыкка чакыруу" деген шылтоо менен козгогон кылмыш иштерин токтотууга чакырышты.

"Бийлик журналисттерди коркутуп-үркүткөндү, куугунтуктаганды токтотуп, алардын өз ишин тоскоолдуксуз аткаруусуна мүмкүнчүлүк бериши зарыл экени, соңку окуялар Кыргызстанда сөз эркиндигине каршы өнөктүк контекстинде жүрүп жатканы, мунун баары көз каранды эмес ЖМК арасында коркуу маанайын күчөтөт",-деп жазылат билдирүүдө.

Human Rights Watch уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү Сыйнат Султаналиева Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү экенин эске салды.

Сыйнат Султаналиева.
Сыйнат Султаналиева.

“Соңку кездери Кыргызстанда бийликтин саясатын, өкмөттү, анын кайсы бир өкүлдөрүн сындаган макалаларды жазып, пикирин билдирген көз карандысыз маалымат каражаттарына, журналисттерге жана блогерлерге каршы бийликтин ар кандай түрдөгү куугунтуктоосу күчөгөнүн байкоодобуз. Кыргызстандын бийлигин журналисттерди жана көз карандысыз маалымат каражаттарына карата кармоолорду, жапырт камоолорду, куугунтуктоолорду токтотууга чакырабыз. Жок эле дегенде адам укуктары жаатында алган өз милдеттенмелерин унутпоого чакырабыз", - деди “Азаттыкка” берген комментарийинде Султаналиева.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

16-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына шектүү катары жеткирилген 11 журналист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Алардын баары “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлери.

Махабат Тажыбек кызы, “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы;

Сапар Акунбеков, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери;

Азамат Ишенбеков, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери;

Айке Бейшекеева, “Темиров LIVE” редакциясынын журналисти;

Максат Тажибек уулу, “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери;

Акыл Орозбеков, “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери;

Тыныстан Асыпбек, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “ПолитКлиника” басылмасында иштейт;

Актилек Капаров, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда "Алга Медиада" иштейт;

Сайпидин Султаналиев, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштейт;

Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти;

Жумабек Турдалиев.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтышты. ИИМдин басма сөз кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгүнүн негизинде иш козголуп, тергелип жатканын маалымдады.

"Соңку кездери укук коргоо органдары “массалык башаламандыкка чакыруу” беренесин көп колдонууда. Бул бир аз түшүнүксүз айыптоо. Кармоолордун баары күмөндүү жагдайларда болуп жатат. Маалымат каражаттарынын же журналист, блогерлердин кайсы макалалары, эмнеси менен жапырт башаламандыкка чакырып жатканы белгисиз”,-деп кошумчалады Сыйнат Султаналиева.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкармалыгынын өкүлү Лиз Тросселл Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын айланасында болгон соңку окуяларга жана журналисттердин убактылуу кармалышына тынчсыздануусун билдирди.

Ал Кыргызстандын бийлигин өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоого жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүн камсыз кылууга чакырат.

Билдирүүдө «жарандык коомдун активисттерине, журналисттерге жана бийликти сындаган башка да адамдарга басым жасоонун кеңири схемасынын бир бөлүгү» деп мүнөздөлгөн.

"Акылга сыйгыс иштер болууда"

"Журналисттерди коргоо комитети" Кыргызстандын бийлигин көз карандысыз медианы куугунтуктоону токтотууга, камалган журналисттерди бошотууга жана медиа өкүлдөрүнө каршы ачылган кылмыш иштерин жабууга чакырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид билдирди.

“Азаттык” менен “Клооптон” кийин Кыргызстандын бийлиги негизги көз карандысыз маалымат каражаттарына чабуулун жандантып, эми абройлуу 24.kg жаңылыктар сайтына жана бир катар сыйлыктарга татыган коррупцияга каршы иликтөөлөрү менен белгилүү Темиров Live долбооруна киришти. Бийлик күмөндүү негиздер алардын кеңселерин тинтип, буюм-тайымдарды конфискациялаганы тууралуу маалыматтар тынчсыздантат",-деди Саид.

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) Кыргызстандагы өнөктөшү Темиров LIVE редакциясынын азыркы жана мурдагы журналисттеринин кармалышына тынчсыздануу билдирди.

“Бийлик массалык башаламандыктарга чакырык тууралуу айтып жатат-бул акылга сыйгыс билдирүү”-деп жазды уюм X социалдык түйүнүнө.

Норвегиядагы Хельсинки комитети Кыргызстандагы маалымат каражаттарындагы тинтүүлөргө тынчсыздануусун билдирип, БУУнун тиешелүү кеңсесине арыз менен кайрылганын жазды.

Норвегиянын Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале дагы кармоолорду кескин сындаган билдирүү жарыялады.

"Таң атпай Бишкекте тинтүүлөр, камоолор жана акылга сыйгыс иштер болууда. Бул иштер өлкө маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча рейтингде кескин төмөндөбөйт деп ойлоп жатканда ишке ашууда",-деп жазды Ивар Дале.

Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас Кыргызстанга жасаган сапары учурунда кыргыз бийлик ээлерине өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына кабатырлыгын билдирди. Бул тууралуу Еврокеңештин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон 16-январда журналисттерге кабарлады.

"Демократиялык баалуулуктар Еврокеңеш үчүн өтө маанилүү, биз дайыма аны колдоп келебиз", - деди Йосефсон.

Кыргызстандын бийлигинин реакциясы

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев "Temirov Live" медиасынын ондон ашуун мурдагы жана учурдагы кызматкерлеринин үйү тинтилип, ИИМге күч менен суракка жеткирилишин сөз эркиндигине кысым деп эсептебей турганын билдирди. 16-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып Тагаев "Кыргызстанда журналистика майдаланып, деградацияга учурады. Кыргыз журналистикасы өзгөрүшү керек. Маалыматты толук аңдабай туруп эле аны ашыра чаап жарыялоо көнүмүш адатка айланды. Андыктан соңку окуяны басым-кысым деп айтуудан алыс болууга чакырам", - деди.

Соңку жылы Кыргызстандын басма сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчтөрү чукул начарлады. Эл аралык Freedom House уюму былтыркы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөргө кошкон.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Пресса эркиндиги” рейтингинде 2023-жылы бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 50 орунга артка кетип, 122-сапка жайгашты. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бардыгын жана аны коргой турганын такай белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG