Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Түркия: Дүйшөмбү менен Бишкектин чек ара макулдашуусуна мартта кол коюлары күтүлүүдө


Хакан Фидан
Хакан Фидан

Түркиянын бийлиги Кыргызстан менен Тажикстан ушул жылдын март айында чек ара боюнча макулдашууга кол коёруна үмүттөнөт. Бул тууралуу 10-январда тажик баш калаасы Дүйшөмбүдө өткөргөн маалымат жыйынында Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдирди.

“Чек ара маселелеринин чечилиши (Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда) биз үчүн абдан маанилүү. Бул боюнча макулдашууга ушул жылдын март айында кол коюлат деп күтүүдөбүз”, - деген Фидан бул суроо Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда талкууланганын кошумчалады.

Хакан Фидан 8-9-январда Кыргызстанга жасаган расмий иш-сапарында президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушкан. Ал эми 10-январда Дүйшөмбүдө президент Эмомали Рахмон жана тажик кызматташы Сирожиддин Мухриддинге кезиккен.

Кыргызстан менен Тажикстан соңку айларда чек ара маселесин чечүү боюнча аракеттерин күчөтүп келет. Бүгүн да, 12-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүүдө. Анда Ташиев тараптар чек араны тактоо ишин күчөтүлгөн тартипте уланта турганын билдирди. Жолугушууда Ятимов чек аранын чечилиши эки өлкөнүн коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов бир ай мурда, 12-декабрда да Баткен шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашкан. Анын соңунда Ташиев менен Ятимов атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашылганын билдиришкен. Ташиев анын ичинде Баткендеги “Кайрагач айылынан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки айылдардын тушундагы такталбаган тилкелер макулдашылганын” ырастаган.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG