Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:35

Асел Ногойбаева: “20дай арыз жазылып, мени эч ким уккан эмес”


Асел Ногойбаева "Эже-сиңдилер" берүүсүндө.
Асел Ногойбаева "Эже-сиңдилер" берүүсүндө.

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеген Асел Ногойбаева 2023-жылы зордук-зомбулукка каршы күрөштүн символуна айланды.

Сентябрдагы каргашалуу окуядан кийин Асел Ногойбаева бир айдай ооруканада жатып чыккан. Догдурлар Аселге бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтып жатышат.

"Азыркы абалым абдан жакшы деп айта албайм. Азыр дагы деле сакая элекмин. Психикалык жактан да толугу менен өзүмө келе элекмин. Жакында эле мини операция жасашты. Азыр Түркиядагы дарыгерлер менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Дарыгерлердин айтымында, дагы үч операция жасалышы керек. Азыр менин кулактарым, мурдум толук тигилген эмес. Анткени ошол күнү убакыттан уттуруп койгонбуз. Менин кесилген органдарым убакыт көп өтүп кеткенине байланыштуу туура тигилбей калган. Азыр кеминде дагы үч операция жасаш керек деп айтышты", - дейт Ногойбаева.

36 жаштагы Асел Ногойбаева - эки баланын энеси. Ал балдары, жакындары жанында экенин белгилеп, акыркы абалын кабыл алуу, окуяны эстебей коюу дагы деле оор болуп жатканын айтты:

"Аял киши айласыздан күчтүү болот экен. Өзүңүздөр уксаңыздар керек, төрт жылга жакын чет жакта иштеп келгем. Бул жакка келип, ушундай жаман нерсеге туш болдум. Эч кандай укугуң корголбойт экен. Сен эшикти тепкилеп эле жүрө берет экенсиң. Келгениме эки күн болгондо укук коргоо органдарына кайрылгам. Мени эч ким уккан жок. Бир жыл ичинде 20га жакын арыз жазылды. Сага качан кол салса гана реакция болот экен. Мен үн катпай отурган эмесмин. Буга чейин коргоо ордери берилген. Бирок эч кандай түшүндүрүү иштери болгон эмес".

Асел Ногойбаева
Асел Ногойбаева

20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголгон. Сокулук райондук соту шектүүнү эки айга камаган.

Үрөй учурган окуядан кийин Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилгени белгилүү болгон.


"Бул жыл менин жашоомду таптакыр өзгөрттү. Ал окуяга чейинки жана ал окуядан кийинки жашоо деп экиге бөлүнүп калды. Ден соолугума абдан залакасы тийгизди бул окуя. Бирок моралдык жактан өзүмдү күчтүү сезе баштадым. Ушундай оор күндөрдө колдоону элден, карапайым адамдардан көрдүм. Келип, "ооруканада чогуу жатып, карайлы" дегендер болду. Жаш балдар сүрөттөрдү тартып, мага алып келип жатышты. Элге аябай ыраазы болдум", - дейт Асел.

Аселдин окуясынан кийин ондогон келиндер өздөрү кабылган зордук-зомбулук тууралуу жазышты. Социалдык тармактарда зомбулукту токтотууга чакырган "Мен Аселмин" деген хэштег менен флешмоб акциялар, иш-чаралар өткөрүлдү.

"Мага кайрылган аялдар көп болду. Кээде мен өзүмдү коргой албай отурсам, мага эмнеге кайрылып жатышат деп ыза болуп жаттым. Жети аймактан аялдар жазып жатышты. Менин окуям деле укук коргоо органдарына сабак болбоптур. Жакында эле бир кошунам мага жардам сурап кайрылды. Анын күйөөсү мен кордолгон үйдү көргөн. Ошол күнү ал аялына "сени да Аселдей кесип салам, тынч жүргүн" деп коркутуптур. Аялы беш күн талаада күйөөсүнөн качып жүрүптүр. Мага араң жашынып келип жолугуп кетти. Көрсө, укук коргоо органдары анын да арызын кабыл алган эмес экен. Башка уюмдар аркылуу милицияга арыз жазыптыр. Эми иши көзөмөлгө алынды. Мындай учурлар абдан көп. Менин зомбулук көргөн аялдарга жардам берген фонд ачам деген тилегим бар. Өзүң кордук көргөндөн кийин, башкаларга жардам бербей коё албайт экенсиң".

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индексинде (WPS) Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган. Укук коргоочулар быйыл бул рейтингге Асел Ногойбаеванын окуясы да таасир эткенин белгилешкен.

"Өмүр бою эркинен ажыратылышы керек. Анткени бул адам мага чейин деле кылмыш кылып жүрүптүр. Мени менен жашаган кезде деле кылмыш кылып жүрдү. Биздин өлкө аялдар, балдар негизи эле адамдар үчүн коопсуз өлкөгө айланса экен деп ойлойм. Сөзсүз бир нерсе болушун күтпөй, алдын алуучу көп программалар түзүлсө деп ойлойм. Эркектерге да кайрылгым келет. Баарыңар эмес, бирок көпчүлүк эркектер, силерден сураныч, эрктүү болгулачы, күчтүү, боорукер болгулачы", - деп кайрылды Ногойбаева.

Жыл башынан бери Кыргызстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңден маалымат түштү. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы белгилегендей, катталган фактылардын 95% учурунда жабырлануучулар аялдар.

Кыргызстан 2017-жылы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап эмес, күбөлөр да арыз жаза алат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берип, тиешелүү чараларды илгиртпей көрүүгө тийиш.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG