Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Путин согушту токтотууну ойлонуп жатабы?


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын аткылоону улантууда. Соңку жыйырма төрт сааттын ичинде Херсон шаарында орус күчтөрүнүн аткылоосунан кеминде төрт кишинин өмүрү кыйылып, он чактысы жараат алды.

Ал арада Орусиянын президенти Владимир Путин согушту токтотууга даяр экенин ортомчулары аркылуу Батышка кыйытып жатканын The New York Times басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Орусиянын армиясы соңку бир суткада Херсонду 71 снаряд менен аткылап, калаа борборун, медициналык жана билим берүү мекемелерин, жарандык инфратүзүм жайларын бутага алганын облустун аскердик администрациясынын жетекчиси Александр Прокудин Телеграмда билдирди. Анын жазышынча, набыт болгондордун арасында сексен жаштагы аял жана бала бар.

Украин армиясы былтыр күздө Херсонду Орусиянын күчтөрү бир нече ай ээлеп тургандан кийин бошотуп алган. Ошондон бери орус аскерлери Днепр дарыясынын сол жээгинен облусту тынымсыз аткылап келет.

24-декабрга караган түнү баш калаа Киевге орус армиясы 15 дрон менен чабуул койду. Алардын 14ү абадан атып түшүрүлгөнү маалым болду.

Соңку бир суткада фронтто орус армиясы менен украин күчтөрүнүн сексенден көп кагылышуусу катталганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди. Маалыматка караганда, украин аскерлери Харьков облусунун Купянск районунда жана Донецк облусунун Бахмут аймагында орус күчтөрүнүн мизин кайтарышкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку соккулары же чабуулдар тууралуу маалымат бере элек.

Нидерланддар жакында F-16 аскердик тик учагын Киевге жиберет

Нидерланддардын өкмөт башчысы Марк Рютте Украинага жакын арада F-16 aскердик тик учактары жеткирилерин жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактар аркылуу билдирди.

“F-16 аскердик тик учактарынын жеткирилиши Украинаны колдоо боюнча макулдашуунун эң маанилүү элементи болуп саналат” деп жазды ал Х социалдык түйүнүнө.

Бирок так датасын белгилеген жок. Киев буга чейин Батыштагы өнөктөштөрүн Орусиянын агрессиясына туруштук берүү үчүн дал ушул аскердик тик учактарын жөнөтүүгө чакырып келген.

23-декабрдын кечиндеги билдирүүсүндө Украинанын президенти Владимир Зеленский Германия, Финляндия, Нидерланддарга ыраазычылык билдирди. Зеленскийдин айтымында, Германия "Гепард" зениттик танктарын жана башка курал-жабдык жөнөткөн.

Нидерланддар менен Финляндия ар бири 110 млн долларлык кошумча жардам жиберген.

NYT: Путин Украинадагы согушту "тоңдурууга" даяр экенин кыйытууда

Ал арада Орусиянын президенти Владимир Путин согушту токтотууга даяр экенин ортомчулар аркылуу Батыштагы өнөктөштөрүнө кыйытууда. Бул тууралуу NYT басылмасы Кремлге жакын эки булагына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Путин фронттогу азыркы позициялар менен согушту "тоңдуруп коюуга" даяр. Бирок чегинүүгө барбайт. Басылманын жазышынча, Путиндин согушту токтотууга даяр экени анын оппозициячыл саясатчы Григорий Явлинский менен жолугушуусу дагы айгинеледи.

Явлинский элдешүүнүн пайдалары тууралуу айтып, өзүн ортомчу катары сунуштаган.

Путин өзү 14-декабрда Москва Украинадагы "атайын операциянын" максаттарынан тая электигин, кошуна мамлекетти "денацификациялоо" зарылдыгын белгилеген.

Басылманын жазышынча, Путин "тобокелчиликтерди" азайтып, өзү пландагандан көпкө созулуп кеткен согуштан чыгуунун ар кандай жолдорун караштырып жатат.

Орусия Украинага 2022-жылдын февраль айында согуш ачкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG