Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

"Эки дос бийлик талашпайт". Жапаровдун билдирүүсү, Ташиевдин ишараты


Президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев.
Президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев.

Кыргызстанда президенттик шайлоого дагы үч жыл бар болсо да Садыр Жапаров кийинки мөөнөткө барабы деген талкуу күн тартибине чыкты. Буга президент Садыр Жапаровдун Элдик курултайдагы жообу жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин социалдык тармактагы комментарийи себеп болду.

Жапаров-Ташиев тиреши жок

Курултайда делегаттардын бири Жапаров менен Ташиевдин мамилеси жөнүндө суроо берген. Ага жооп берип жатып, президент Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок экенин, алар бийлик талашпай турганын билдирди. Жапаров аларды уруштургусу келген күчтөр бардыгын, кала берсе кимдер, кантип сүйлөшкөнү жөнүндө атайын кызматтан маалымат түшкөнүн да айтты. Бирок, алардын аттарын атаган жок.

Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев.
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев.

“Эки достун маселеси, бийлик талашып жатат" деп, бири-бирибизди кайраштыргандар үч жылдан бери болуп жатат. Мен бийликке отургандан бери экөөнү чабыштыралы дешет. Мындай күчтөр бир эле топ эмес. Үч жылдан бери бизди чабыштырам деген нечен интригаларды көрдүм. Биз ага барган жокпуз, себеби мен баарын көрүп турам. Камчыбек Кыдыршаевич бийлик талашкыдай, мен президент болуп отурамбы же Камчыбек Кыдыршаевич отурабы айырмасы жок. Себеби, ал дагы мекеним деп күйөт, мен дагы ошондой эле күйөм”, - деди президент 16-декабрда курултайда сүйлөгөн сөзүндө.

Ташиевдин Жапаров тууралуу сөзү

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев өзү тууралуу президенттин курултайда айткан сөзүнө бир күндөн кийин комментарий берип, Жапаровдун экинчи мөөнөткө талапкер болоорун кыйытты.

“Биринчиден, президентибиз туура айтты. Эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз. Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт! Үчүнчүдөн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп, кубаттап, чогуу элибизге кызмат кылабыз деп үмүт артамын. 8 жылдан кийин да эл журт деп Садыр досумдай күйүп жанган кыргызымдын бир инсаны чыгат, буюруса!”, - деп жазды Камчыбек Ташиев.

Муну менен Камчыбек Ташиев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөткө шайлануу тууралуу планы бар экенин ачыктагандай болду.

Ташиевдин саясий дымагы кандай?

Президент менен анын саясаттагы жакын санаалашы - Жапаров-Ташиев бейрасмий тандеми жөнүндө коомчулукта ар кандай кептер айтылып келет. Айрыкча, талкуулар Ташиев өлкөдөгү көйгөйлүү темалар тууралуу активдүү аракет көрүп, байма-бай билдирүүлөр менен чыга баштагандан кийин күчөгөн. Талкуулардын башында Камчыбек Ташиев кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатабы деген божомолдор турган эле. Ошондой эле Ташиевдин ишкер, мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен бир иш-чарада чогуу болгонун ар кандай божомолдошуп, алар кийинки президенттик жарышка тандем болобу дегендей кептер тараган. Бирок, Бабанов көп өтпөй социалдык тармактар аркылуу саясаттан кеткенин кайталаган.

Саясат талдоочу Адил Турдукуловдун пикиринде, Жапаров-Ташиев билдирүүлөрү айың кептерге багытталды окшойт.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

“Ташиев да, Жапаров да тажрыйбалуу, дасыккан саясатчылар. Мындай айың кептер алардын бийлигине коркунуч жаратаарын жакшы билишет. Андыктан бул сөздөргө жооп катары бааласак болот. Эми буга эл канчалык ишенет белгисиз. Садыр Жапаров дагы анын (Ташиевдин) саясий дымагы бар экенин билет, чочулайт. Ташиев ошол нерсени алдын алып айтты деп түшүнсө болот”, - деди Турдукулов.

Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Ошондой эле бир адам эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт. Жапаров 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. Демек, кийинки президенттик шайлоо 2026-жылы өтүшү керек.

Айрым серепчилер Жапаров бийликте калууда мыйзам жол берген бардык мөөнөттү колдоноору буга чейин эле белгилүү болгонун белгилешет. Эми Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Жапаровдун экинчи президенттик мөөнөткө талапкер катары чыгышы бекемделгендей болду.

Саясий айдыңда абал өзгөрүшү мүмкүн

Саясат талдоочу Эмил Жороев Жапаровдун талапкер болорун - өлкө жетекчилигине кайра шайланат дегендей түшүнүү туура эмес деп эсептейт. Ал шайлоо атаандаштыкта өтүп, талапкерлер элдин таразасына коюларын, саясий айдыңдагы жүрүштөр тез өзгөрөөрүн эстен чыгарбоо керек деген пикирде:

“Алдын ала чечилди. Садыр Жапаров сегиз жыл бою президент болуп калат деген сөз бул – жөн гана саясий билдирүү. Саясий билдирүү Садыр Жапаровдун өзүнө багытталгандай. Үч жылдын ичинде же сегиз жылдын ичинде саясий майданда кандай атаандаштыктар болот? Кандай күчтөр пайда болот? Бул суроолор ачык жана алар элдин таразасына коюлат”, - деди Жураев.

Садыр Жапаров 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин абактан чыгып, алгач премьер-министрликке бекиген. Кийин президент болуп шайланган. Ал бийликке келери менен Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кылып дайындаган. Ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жыйындардын биринде Жапаров-Ташиев мамилеси жөнүндө сөз сүйлөп, Ташиевди "дос секретарь" деп атап, андан кутулуу кыйын экендигин кыйытканы бар.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG