Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:17

Мадумаровдун соту: депутаттардын өтүнүчү эске алынган жок


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда парламенттеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн сот башталды. Жабык режимде башталган алгачкы жараянда саясатчынын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч четке кагылды. Сот аны 9-февралга чейин камакта калтырды. Ал тапта Жогорку Кеңештин 75 депутаты дагы Мадумаровду үй камагына чыгарууну өтүнүшкөнү маалым болду. Саясатчынын жакындары аны менен жолугууга мүмкүн болбой жатканын айтышууда.

Мадумаров абакта калды

8-декабрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун соту эки саатка жакын созулуп, жабык өттү. Сот жараянына келген жакындары жана тарапташтары сотко катыша алган жок. Камактагы мөөнөтү узартылганы маалым болгондон кийин "боштондук" деп кыйкырып, сотко нааразылык билдиришти. Адвокат Гүляна Убалиева анын үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылып, Мадумаров кийинки жылдын 9-февралына чейин камакта калганын билдирди:

"Мадумаровду камакта калтырууга негиз жок болчу. Жогорку Кеңештин 75 эл өкүлү "Мадумаровго ишенсе болот" деп үй камагына чыгаруу өтүнүчүн беришкен. Ден соолугунун абалына да карабастан Биринчи Май райондук соту 9-февралга чейин абакта калтырды".

Сыр болгон документ

Адвокаттын билдиришинче, саясатчыга айыптоо актысы угузула элек. Ошондой эле сот отурумун ачык өткөрүү, ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн катыштыруу өтүнүчү дагы четке кагылды. Анткени бул иште мамлекеттик сыр бар деп түшүндүрүшкөн.

"Мыйзам боюнча сыр болгон документ өзүнчө бөлүнүп алынышы керек. Жазык-процесстик кодексинин 160-беренесинде бул ченем камтылган. Ошондой эле Конституциялык соттун 2018-2020-жылдагы эки чечими бар, ал жерде сыр болгон материалдар өзүнчө бөлүнүп, калганы ачык болушу керек деп турат. А биз тергөө учурунда иш сотко жөнөтүлүп жаткан маалда сыр болгон документти ал жактан көргөн жокпуз", - деди адвокат.

Буга чейин саясатчынын адвокаттары ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан, эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой жатканын айтып чыгышкан. Бүгүнкү отурумда сот бул өтүнүчтү канааттандырып, адвокаттарга иш менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди.

"Жакындарын жолуктурбай жатат"

Ал эми саясатчынын бир тууганы Халида Мадумарова аны менен жолугууга да мүмкүнчүлүк бербей жатышканын айтып даттанды:

"Жакындарын жолуктурбай жатат, жолуктурмак түгүл алыстан караанын көрсөткөнгө да тыюу салып жатат. Ал эмес кечээки соттон кийин өзүнүн балдарына соттун чечими менен гана жолугат деген чечим чыгарыптыр. Бул айбанчылык. Мадумаров эч качан чөгөлөбөйт, эч качан ырайым сурабайт. Ал кыянаттык, саткындык кылган эмес".

Мадумаровдун бөгөт чарасы каралаар алдында Жогорку Кеңештин 75 депутаты Биринчи Май райондук сотунун судьясына кайрылуу жолдоп, анын үй камагына чыгарууну өтүнүштү. Бул демилгенин башында турган депутаттардын бири Гуля Кожокулова мындай деди:

Гуля Кожокулова
Гуля Кожокулова

"Кайрылуу катта Мадумаровдун ден соолугуна байланыштуу анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну суранганбыз. Мурда депутаттардын өтүнүчү эске алынчу, азыр андай укугубуз жок. Мындан улам мен кайрылуу кылдым, кесиптештерим колдоду. Ал кандай болсо да учурдагы депутат, фракциянын лидери. Бул, албетте, соттун өз эрки, бирок, тилекке каршы, биздин кайрылуубузду эске алган жок".

Ал эми депутат Балбак Түлөбаев парламент соттун ишине кийлигише албасын, бирок анын ден соолугу үчүн сотко кайрылуу жолдогонун айтты.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

"Жашы өтүп калган, ооруп жаткан кишини үй камагына чыгарып эле соттой бергилечи" деп кайрылуу жазып, кол коюп бергенбиз. Сот бийлиги өзүнчө бөлүнгөн да, бирок биз эске алса деп ойлогонбуз. Эми эске албай коюптур, айла жок".

Мадумаровдун адвокаттары ал буга чейин саламаттыгы начарлап кеткенин, ооруканага жаткырылышы зарылдыгын билдиришкен. Ошондон кийин октябрь соңунда Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылып, 2-ноябрда ооруканадан кайра абакка которулган эле.

Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген, парламенттеги жалгыз оппозициялык фракциянын лидери Маудмаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдиргени бар. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG