Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Үй жылытуу, көмүр көйгөйү. Өкмөт өкүлдөрү ЖКга чакырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга жана Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салынганынан улам маселе көтөрүлдү. Анда жагдайга байланыштуу тиешелүү тармактын жетекчилерин парламентке чакырып, маалымат алуу сунушталды.

Энергетика министрлигинин бул эки чечими апта башында белгилүү болуп, талаш-талкуу жараткан.

Парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында Кара-Кече көмүрүнө, үйлөрдү жылытууга байланыштуу маселени бир катар депутаттар көтөрдү. Алардын бири Сүйүн Өмүрзаков тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн чакырып, маалымат алуу керектигин айтты.

"Күздүн биринчи айында эле көмүрдүн баасы кымбаттап кетти, сегиз миң сомго чейин жетти. Бишкекте Кара-Кечени көмүрүн сатууга тыюу салынды. Бирок анын ордуна кандай вариант бар? Кара-Кеченин көмүрү сатылбаса, үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга уруксат берилбесе, анын ордуна эмне кылышат? Бишкекте электр энергиясы менен жылытылган көп кабаттуу үйлөр көп. Аларга уруксат берилген, аны убагында караш керек болчу. Ошондуктан тиешелүү мамлекеттик органдарды чакырып, алардын маалыматын угуп, кандай даярдык көрүшү керектиги тууралуу элге маалымат берүү жөнүндө тапшырма берсек. Азыр ушул жагдайга байланыштуу көп адамдар кооптонуп жатат".


Кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынып жатканы апта башында белгилүү болгон. Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев "Биринчи радиого" курган маегинде кышында электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабасын, жарыкты турмуш-тиричиликке гана колдонууга болорун, үйлөрдү ток менен жылытууга уруксат берилбесин айткан.

“Быйыл биз электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салганы жатабыз. Ар бир кардар белгиленген чекте электр жарыгын алат. Ал алдын ала эсеп менен ар бир үйгө 5 кВт/саат болот экен. Эч кандай маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Күндүз электр энергиясы үч маал өчүрүлөт деген маалыматтар туура эмес. Бирок үнөмдөш керек. Азыр тойканаларда да бул тууралуу жарыялар кетип жатат”.

Байгазиев кийинчерээк "Азаттыкка" түшүндүрмө берип, акылдуу эсептегичтер коюлган үйлөрдө электр жарыгы бир саатта 5 кВт/сааттан ашып кетсе, жарык өчүрүлөрүн айткан. Акылдуу эсептегичи жок үйлөрдү текшерүү үчүн маал-маалы менен рейд өткөрүлөрүн билдирген.

Парламентте депутат Мирлан Самыйкожо электр энергиясын колдонууну мындай чектөө жарандарга оор келерин эскертти:

Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

"Азыр электр энергиясын колдонуу 5 кВт/сааттан ашпасын деп жатабыз. Баасын 30 тыйынга көтөргөнбүз. Жаңы курулган үйлөрдүн баары электр энергиясы менен жылыйт. Эгер эртең кышында алар 5 кВт/сааттан ашып кетишсе эмне болот? Ушул маселени дагы жакшылап карап чечишибиз керек. Кыш келатат, кыш "жакадан алганда" кеч болуп калбасын".

Дагы бир депутат Айбек Маткеримов болсо электр энергиясы менен жылытылган социалдык объекттер маселесине көңүл бурду:

"Бизде көптөгөн ооруканалардын, мектептердин жылытуу системасы ток менен иштейт. Эртең кыш түшкөндө аларды дагы жылыта албай калып, мектептерди айлап жаап отурбайлы. Бул маселени азыртадан карайлы".


Расмий маалыматка ылайык, быйыл Токтогул суу сактагычында суу жылдагыдан 2 млрд куб метр аз топтолду. Мындан улам өлкөдө электр энергиясына таңкыстык жаралып, электр кубатын өндүрүү бери дегенде 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Улуттук телеканалга берген соңку комментарийинде Түркмөнстандан, Казакстандан жана Орусиядан электр энергиясын алуу тууралуу келишимдер түзүлгөнүн, алды алына баштаганын айтып берген. Анда баасы канча деп бычылганын тактаган эмес.

"2023-жылга бизде Түркмөнстан менен 1 миллиард 700 миллион кВт/саат электр энергиясын алууга байланыштуу келишим түзүлгөн. Аны Өзбекстандын линиясы аркылуу транзит кылабыз. Ал бизге сентябрь айынан тартып келе баштады. Ал эми 2024-жылга кыш мезгилинде 1,5 миллиард кВт/саат электр энергиясын Казакстан бермей болду. Андан сырткары Орусиядан 400 миллион кВт/саат электр энергияны алуу тууралуу келишим бар", - деди Ибраев.


Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүнө тыюу салынганы чоң талкууга айланды. Парламенттин депутаты Тазабек Икрамов буга байланыштуу өкмөттү сындап Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Казакстандын кымбат көмүрүн сатуу элди "тоноого" барабар экенин эскертти.

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

"Кара-Кече көмүрүнүн өздүк наркын кошкондо борбор калаага келген баасы 4500-5000 сомдой, ал эми Казакстандын көмүрү болжолдуу 6000 миң сомго чейин болот. Бул ачык эле элди тоноо. Казакстандын көмүрү "сапаты жакшы" деп айтылганы менен, коңшулар деле кышкысын ыштан арыла албай, биздин борбор калаадай эле аларды кара түтүн каптап турат. Бул жерде жеке кызыкчылыктар болушу толук мүмкүн", - деп жазган Икраимов.

Мунун алдында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, мындай чара Бишкекте кышында көйгөйгө айланган ышты азайтууга жардам берерин белгилеген. Шаарга Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатканын, анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүндүгүн айткан.

"Бул экологияга көңүл буруу үчүн жасалып жаткан иш. Бишкекте көп жылдан бери эле ыш маселесин көтөрүп келатабыз. Кара-Кеченин көмүрүнө тыюу салсак, ышты бир аз болсо да азайтат деп жатабыз".

Өкмөт өкүлдөрүнүн ырасташынча, Кара-Кеченин көмүрү Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына сатыла берет. Андан тышкары Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Кара-Кеченин 600 миң тонна көмүрү жагылат. Кара-Кеченин көмүрүнүн зыяндуулугу жогору деп эсептелет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG