Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Британия Кыргызстанга чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшөт


Данияр Амангелдиев менен Николас Боулер.
Данияр Амангелдиев менен Николас Боулер.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 30-августта Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты талкуулады.

Министрликтин басма сөз кызматынын билдиришинче, Амангелдиев анда расмий Бишкек өлкөдөгү инвестицциялык климатты жакшыртуу, жеке секторду өнүктүрүү, административдик чектөөлөрдү жоюу жана ишкерлер чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.

"Ушундан улам эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн кызматташтыгын жолго коюу менен өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү керектиги белгиленди. Аны менен катар тоо-кен, энергетика, финансы жана билим берүү өңдүү тармактарда алака-катыш талкууланды. Элчи мырза келерки жылдан тартып чакан жана орто бизнести колдоо программасын баштоо пландалып жатканын айтты. Өз кезегинде министр айрыкча аймактарда элди жумуш менен камсыз кылган аялдар ишкерлигин колдоо планы даярдалганын билдирди",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт өлкөнү өнүктүрүүнүн төрт фактору боюнча аракет кыларын айткан. Алардын бири чакан жана орто бизнести колдоо болорун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG