Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Кыргызстанда орган алмаштыруу операциялары жасала баштады


Кыргыз-түрк достугу ооруканасы. 30-август, 2023-жыл.
Кыргыз-түрк достугу ооруканасы. 30-август, 2023-жыл.

Кыргызстанда биринчи жолу ички органдарды трансплантациялоо боюнча операция ийгиликтүү жасалды. Бул операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 30-августта Фейсбукка жазды.

Президент Садыр Жапаров бул ооруканага барып, операция болгон жарандардан кабар алып, бейтапкананын шарты менен таанышты. Ал мындан ары кымбат баалуу операцияларды жасатуу үчүн чет өлкөлөргө баруунун кажети болбой турганын белгиледи.

Оорукананын жетекчилиги мындай операциялар жасала баштаганын, бул үчүн кесипкөй дарыгерлер тартылып, заманбап медициналык жабдуулар алынганын билдирген. Түркиядан келген 140 дарыгер бул ооруканада эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди үйрөтүшөт. Кийин жергиликтүү дарыгерлер бул операцияларды өздөрү жасай башташат.

“Мамлекет башчысы кошумча медициналык имараттарды куруу жана көбүрөөк сандагы бейтаптарды кабыл алуу үчүн бул медициналык мекеме жайгашкан жердин аянтын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар, ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Бул процедуралар үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөт. 2019-жылдан бери органдарын алмаштыруу үчүн кезекке турган кыргызстандыктар 4 миңден ашты.

Боор, бөйрөк, жүлүн алмаштыруу үчүн бейтаптар коомчулуктан жардам сурап, он миңдеген доллардык операцияга акча чогултууга мажбур болушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG