Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Байсаловго мамлекеттик чин ыйгарылды


Эдил Байсаловго (солдо) Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси чинин Акылбек Жапаров тапшырды. Бишкек. 23-июнь, 2023-жыл
Эдил Байсаловго (солдо) Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси чинин Акылбек Жапаров тапшырды. Бишкек. 23-июнь, 2023-жыл

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси чини ыйгарылды. Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, класстык чин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата берилди.

23-июнь - Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү катары белгиленет.

22-июнда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу тууралуу чечим кабыл алып, бул тууралуу сунушту президент Садыр Жапаровго жолдогон. Бирок азырынча президент тарабынан жооп боло элек.

Эдил Байсалов өзү да парламенттин чечими тууралуу комментарий берген жок.

Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында бир катар депутаттар Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүшкөн. Айрымдары анын кызматтан алынышын талап кылышкан. Парламент спикери Нурланбек Шакиев "Байсаловдун комитет жыйынында сүйлөгөн сөздөрү жана андан кийинки маектери көз жаздымда калбай турганын", бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен дагы сүйлөшкөнүн билдирген.

Маселенин козголушуна Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Байсалов "Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин" айткан.

Ал "парламенттин жыйыны эки бийлик бутагынын сүйлөшө турган аянтчасы экенин, депутаттар да өкмөткө мамилесин оңдошу керектигин" айтып, парламент депутаттары менен кайым айтышкан учурлары буга чейин да катталган.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 2021-жылы 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG