Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

БУУнун чукул жыйынында Украина Орусияны "террорчу" деп айыптады


10-октябрда Орусиянын ракета чабуулуна алынган шаарлар. Украина. Октябрь, 2022-жыл.
10-октябрда Орусиянын ракета чабуулуна алынган шаарлар. Украина. Октябрь, 2022-жыл.

Украинанын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) элчиси Башкы ассамблеянын чукул жыйынында Орусияны “террордук мамлекет” деп айыптады.

"Орусия террордук мамлекет экенин дагы бир жолу далилдеди, аны токтотуу керек", - деди элчи Сергей Кыслыц.

БУУ 10-октябрга Орусиянын Украинанын төрт аймагын аннексиялап алуусун айыптаган резолюция долбоорун талкуулоо жыйынын белгилеген. Сессияда Москванын Киевден Крым көпүрөсүн жардырганы үчүн өч алуу максатында Украинанын шаарларына 80ден ашык ракета учуруу чечимин айыптоо үстөмдүк кылды.

193 мүчөдөн турган БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарында өткөргөн “мыйзамсыз референдумун” жана аталган аймактарды "мыйзамсыз аннексиялоо аракетин" айыптаган резолюция долбооруна көпчүлүк добуш берүүнү чечти. Резолюция боюнча добуш берүү 12-октябрда өткөрүлөт. Орусия сентябрда 15 мүчөдөн турган БУУнун Коопсуздук Кеңешинде ушундай резолюцияга вето койгон.

Украинанын Ички иштер министрлиги 10-октябрда таңга жуук Украинанын Киев баштаган бардык ири шаарларына ракета менен сокку урулган. Жыйынтыгында 14 адам набыт болуп, 97 киши жарадар болду.

Ракеталык чабуулдар орус күчтөрүнүн бир нече ай ичинде жасаган эң жазалоочу чабуулдары болуп, Москва февралда баштаган согуштун кульминациясы катары бааланууда.

БУУнун жыйынынын алдында АКШ президенти Жо Байден соккулар Украинага каршы согуштун “толук ырайымсыздыгын” көрсөттү десе, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш аткылоону “согуштун кабыл алынгыс чыңалуусу” деп мүнөздөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG