Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Улуттук банк чек арадагы жаңжалда сактык кассалары талкаланганын билдирди


Чек арадагы кол салууда талкаланган үй, Ак-Сай, Баткен. 17-сентябрь, 2022-жыл.
Чек арадагы кол салууда талкаланган үй, Ак-Сай, Баткен. 17-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен жана Лейлек районундагы бир катар сактык кассалары, банкоматтар талкаланып, өрттөлгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Акмал Раззаков 23-сентябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Борбордук, Ак-Сай, Кулунду, Интернационал айылдарында банктык жабдуулар жабыркап, иштебей турат. Алардын көбү күйүп кеткен.

"Кыргыз-тажик кагылышуусунан кийин келтирилген жалпы чыгымдын суммасы эсептелүүдө. Бүгүнкү күндө жапа чеккен Жаңы-Жер, Борбордук, Ак-Сай, Кулунду, Интернационал айылдарына кирүү биз үчүн мүмкүн эмес. Ушул жерде жайгашкан сактык кассалар, банктык жабдуулардын көбү талкаланып жок болду же имарат менен кошо өрттөнүп кеткендиктен азыр иштеп-иштебей турганын текшерүүгө электр энергиясынын, интернеттин жоктугу дагы себеп болууда", - деди

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам штабдын маалыматына караганда, куралдуу кагылышта 613 үй талкаланганы аныкталды.

Административдик-стратегиялык маанидеги тогуз объект, социалдык маанидеги 15 объект, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.

Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары чек арадагы кол салуудан улам Баткен облусуна келтирилген чыгымды эсептөөнү улантууда.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстан 14-16-17-сентябрдагы чек арадагы кол салуудан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн болбой жатат. (КE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG