Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Бамианда талиптер жардырган Будданын байыркы айкелдерин эскеришти


Ооганстандын Бамиан өрөөнүндөгү Будданын байыркы айкелдери 2001-жылдагы жардырууга чейин (эски фото архивден).
Ооганстандын Бамиан өрөөнүндөгү Будданын байыркы айкелдери 2001-жылдагы жардырууга чейин (эски фото архивден).

Ооганстанда Бамиан өрөөнүндөгү Будданын байыркы айкелдери талиптер тарабынан жардырылганына 20 жыл болду. 9-мартта 6-кылымга таандык тарыхый жана маданий мурасты эскерүү иш-чарасы өттү.

“Будда менен түн” деген долбоордун алкагында жок кылынган айкелдердин элестери 3Д мерчеминде чоң экрандан көргөзүлдү. 55 жана 37 метрлик бийиктиктеги айкелдер аскаларга чегилип жасалган.

Талиптер бутпарастардын байыркы айкелин талкалагандан кийинки көрүнүш. Бамиян жергеси. 2007-жылдын 18-апрели.
Талиптер бутпарастардын байыркы айкелин талкалагандан кийинки көрүнүш. Бамиян жергеси. 2007-жылдын 18-апрели.

Ооганстандын Маалымат жана маданият министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Тахир Захир байыркы мурасты кыйратууну “100 жылдыктын эң чоң маданий кылмышы” деп атады, жана ал карасанатайлыкты жасагандарды жоопко тартууга чакырды.

2001-жылдын март айында Талибандын 5 жылдык режими кыйроо алдында турган кезде ашынган эскичил исламчыл топтун жоочулары Будданын айкелдерин исламга жат “жалган идолдор” деп жекирип, атайын жардырып жиберишкен.

Эл аралык коомчулук бул варвардык жардырууну катуу айыптаган болчу.

Кыргызстанда да Мамлекеттик тарых музейинде сакталган көөнө мумия жакынкы эле жылдары кыргыз бүбү-бакшылардын шыбыштоосу менен Бишкектен Баткен аймагына шашылыш алынып барып көмүлгөндө, окумуштуулар бул кылмыштуу окуяны Бамиандагы 2001-жылкы окуяга салыштырышкан, бирок бул жорук үчүн эч ким жоопко тартылган эмес.

XS
SM
MD
LG