Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Садыр Жапаров: Түркия менен бир катар маанилүү маселелер чечилди


Президент Садыр Жапаров жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Бишкек, 10-март, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Бишкек, 10-март, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтык талкууланды.

Жапаров быйыл кыргыз-түрк дипломатиялык мамилесине отуз жыл боло турганын жана анын деңгээли жогору экенин белгиледи. Акыркы айларда эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгенин айтып, коронавируска каршы күрөшүүдөгү жардамы үчүн Түркияга ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары өнөр жай багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү, айыл чарба, текстил, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактардагы алаканы өнүктүрүүнүн маанисине токтолду. Кыргыз тарап Түркияга IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даярдыгын кошумчалады.

Министр Мевлүт Чавушоглу Садыр Жапаровго түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.

Расмий Анкара Кыргызстан менен тыгыз мамиле түзүүгө, кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, өз өлкөсү соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин бири.

Быйыл Түркиянын "Маариф" фонду Бишкекте алгачкы мектебин ачканы жатат.

Кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланган соңку дипломатиялык жолугушуу 2020-жылдын ноябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарага барганда болгон.

Ал ирет Министр Чавушоглу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Түркияда тыюу салынган ФЕТО тобунун жактоочуларынын ролу Кыргызстанда бар экенин жана өлкө үчүн бул коркунучтуу экенин эскерткен.

Түркия Кыргызстанда 1992-жылы ачылган «Себат» билим берүү мекемелерин да «гүленчил» көз карашта деп болжойт. Кыргыз бийлиги ал мекеме өлкөнүн өзүнө таандык деп эсептеп, 2017-жылы мектептердин атын «Сапат» деп өзгөрткөн.(NT)

XS
SM
MD
LG