Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов дүйнөдөн кайтты


Рамис Рыскулов. «Азаттыктын» архиви.
Рамис Рыскулов. «Азаттыктын» архиви.

Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январдын түнүндө 87 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бул маалыматты Кыргызстандын Жазуучулар бирикмесинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады.

Маалыматка караганда, акын көптөн бери ооруп жүргөн. Акыркы күндөрдө Бишкектеги онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан.

Анын сөөгү качан жана кайсы жакка коюлары азырынча чечиле элек.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.

1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Москвадагы Борбордук жогорку комсомолдук мектепти жана Бүткүл союздук Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштап, кийин «Ленинчил жаш» гезитинде, «Ала-Тоо» журналында эмгектенген.

Өмүрүнүн көп учурун чыгармачылыкка жумшаган. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен басылып чыккан. Ал «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» өңдүү орус жана кыргыз тилдеринде чыккан ыр китептеринин, чыгармалар жыйнактарынын автору.

Рамис Рыскулов кыргыз адабиятына жаңычыл акын катары кирип, поэзияга биринчилерден болуп эркин ыр формасын киргизген.

Ал чет элдик акындар Пушкиндин, Некрасовдун, Михалковдун, Есениндин, Маяковскийдин, Вознесенскийдин жана Алимжановдун ырларын кыргызчага которгон.

Рыскулов сүрөтчүлүк өнөр менен да алектенип келген. 1987-жылы ал тарткан «Иисустун өнүгүшү» жана «Жылмаюу» деген сүрөттөрү Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүндө диплом алган. Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалында жеңүүчү болгон.

Былтыр Улуттук китепканада Рыскуловдун туулган күнүнүн урматына «Ыр жыттанган Эл акыны» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Рамис Рыскулов Кыргыз эл акыны, «Алыкул Осмонов атындагы» адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

"Азаттыктын" архиви. 4-май, 2015-жыл.
Рыскулов: Мен түбөлүк бактылуумун
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

XS
SM
MD
LG