Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

Коопсуздук кеңеши тоо-кен тармагындагы абалды талкуулоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында ушу тапта Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Ага кеңештин төрагасы, президент Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Күн тартибиндеги кезектеги маселе – тоо-кен тармагындагы абал.

Президент Коопсуздук кеңиши кабыл алган чечимдерди аткарбагын үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Жыйынды ачып жатып мамлекет башчысы буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышы жеке көзөмөлүндө экенин айтты.

- Коопсуздук кеңешинин бардык чечимдеринин аткарылышы менин такай көзөмөлүмдө. Мамлекеттик органдардан келген маалыматтын баарын катчылык кылдат талдап, ай сайын мен да таанышып турдум, - деди Жээнбеков.

Коопсуздук кеңешинин 2019-жылдын 14-январындагы чечими жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү жана тоо-кен казуу секторундагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган болчу.

Кен байлыктарын сарамжал пайдалануу, экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу, кен запастарын эсепке алуу маселелери каралган. Айрыкча лицензия берүү системасында коррупцияны жоюу, лицензияларды кайра сатуу менен алектенүүгө бөгөт коё турган жолдор сунушталган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын инвесторлордун ишине жасалма бюрократиялык тоскоолдук жаратышына бөгөт коюу механизмдерин да талкууланган. (BTo)

XS
SM
MD
LG