Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Балдар адабияты жаңы каармандарга муктаж


Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада балдар жазуучулары менен окуучулар жолугушту. Жыйында балдар адабиятынын бүгүнкү маселеси, азыркы муун кандай чыгармаларды окугусу келери тууралуу маселе көтөрүлдү.

Балдарды китеп окууга тартуу үчүн эң ириде аларга арналган чыгармалар жаңыланышы керек. Антпесе, бүгүнкү илимий технологиялык өнүгүүнүн таасирине, гаджеттердин азгырыгына туруштук берүүгө мүмкүн эмес. Мындай оюн Эл акыны, "Байчечекей" журналынын редактору Токтосун Самудинов ортого салды.

- Биз илгерки жомоктор менен чоңойгонбуз. "Ка-ак, ка-ак каргалар, канаты менен жорголор, жорголор деп ким айтат, жортуп жүргөн түлкү айтат" дегендей. Ал жомок - классика. Мындай жомоктор биз үчүн, бизден мурдагы муун үчүн керек болгон. Бирок азыркы балдарга ал жомоктордун анчалык деле кереги жок. Тил сабагына, сөз өстүрүүгө керек болушу мүмкүн. Азыр акын-жазуучулар башка жолго өтүшүбүз керек.

Акын бүгүнкү балдар жазуучулары мугалимдерге жардамдаш болуп, балдарды кызыктырган, ошол эле учурда аларды изденүүгө, ойлонууга түрткөн чыгармаларды жаратышы зарыл деп эсептейт.

- Мисалы, биздин оюн ырларыбыз, кроссвордубуз, анаграмма, криптограмма балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүнүн, китепке тартуунун бир ыкмалары болууда. Ошондуктан балдар жазуучулары да ушундай жолго өтүшүбүз керек. Мурдагыдай жылкы, эшек жөнүндө жомокторду берип койбой, аларды берүүнүн да заманбап ыкмасын табыш керек.

Самудинов учурда ай сайын 8 миң нуска менен чыгып жаткан "Байчечекей" журналы бул багытта изденип, жаш окурмандардын талабын канааттандырууга умтулуп жатканын айтты.


Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин мугалими Назгүл Султанбекова азыр балдардын дүйнө таанымы, көркөм табити, психологиясы мурдагыдан башкача экенин айтып, мектеп программасында аларга сунуштай турган чыгармалар жетишсиз экенин белгиледи.

- Азыркы адабий окуу китептерибиздин баары эле мурдагы чыгарылыштар менен чыгарылып калган. Жаш муунга тарбия бере турган балдар ырлары бизге жетпей жатат десек болот. Азыр бул жерде авторлордон уккандарыбызга караганда заманбап чыгармалар бар экен.

Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Батма Абдухамитова бул пикирлердин айрымдарына кошулбайт.

- Агайлардын "биздин муун окуган жомокторду балдар окубай калды" деген оюна кошулбайм. Ошентсе да ар бир замандын шарына жараша жаңы чыгармалар сөзсүз керек. Балдар үчүн тематика кызыктуу болууга тийиш. Ошол эле учурда азыркы балдардын бүгүнкү жашоосуна байланыштуу чыгармалар керек болуп жатат. Бирок биздин элдик жомоктор, Касым Тыныстанов, Шүкүрбек Бейшеналиев сыяктуу авторлордун классикалык чыгармалары эч качан эскирбейт деп ойлойм.

Балдар жазуучусу Байтемир Асаналиев бүгүнкү күндө балдар үчүн жазган жазуучулардын чыгармаларын китеп кылып бастыруу өтө кымбат экенин айтып, андыктан адабияттын бул багыты өксүп турат деди.

Байтемир Асаналиев
Байтемир Асаналиев

- Балдар китептерин сүрөт менен шөкөттөө аябай кымбат турат. Сүрөтчүлөр иллюстрациясына көп акча сурашат. Бул жагы да балдар адабияты үчүн чоң тоскоолдук жаратып келет. Балдар жазуучуларына эч кандай камкордук жок. Республикада балдар үчүн жазган ашып кетсе 10-15 жазуучу бар. Өкмөт жок дегенде ошолордун китептерин басып чыгарып берсе туура болмок.

Асаналиев Совет мезгилинде балдар үчүн китептер мамлекеттин камкордугу менен "Мектеп" басмасынан жарык көрүп турганын кошумчалады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда балдар адабияты боюнча жылына 200дөй китеп чыгып жатат.

Кыргыз тилдүү балдар адабиятын чыгарууга эл аралык уюмдар да көмөктөшүп, мисалы, ЮСАИД атайын долбоордун негизинде башталгыч класстын окуучулары үчүн миңдеген китептерди басып чыгарды. Аталган уюм 2020-жылдын соңуна чейин бул эсеп миллион нускага жете турганын маалымдаган.

Адистер балдарга арналып чыгып жаткан китептердин окулушу негизинен ата-энелердин аракетине байланыштуу экенин айтып келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG