Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

Токтакунова: Зилалиевдин иши сотто кайра башынан каралат


Дүйшөнбек Зилалиев сот залында. 2019-жылдын август айы.
Дүйшөнбек Зилалиев сот залында. 2019-жылдын август айы.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Зилалиевдин иши сотто кайра башынан карала турганын билдирди. Ал буга Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министрдин ишин карап жаткан судьянын алмашканы негиз болгонун айтты.

- Мыйзамдын талабы ушундай. Ишти карай турган жаңы судья иштин жагдайын билиши керек да. Ал сотто мурда көрсөтмө бергендердин көрсөтмөсүн окуп коё албайт. Ошондуктан ишти кароо кайра башынан башталышы керек, - деди Токтакунова.

Анын маалыматы боюнча, сотко төрагалык кылып жаткан судья Алмаз Койлубаев Чүй облустук сотунан Биринчи май райондук сотуна убактылуу которулган. Ал кайра облустук сотко кетти. Ал эми Зилалиевдин ишин райондук соттун жаңы судьясы Адылбек Эсенбаев карай баштайт. Жараян 11-декабрга белгиленген. Бул боюнча райондук сот маалымат бере элек.

Токтакунованын айтымында, Зилалиевдин иши боюнча күбөлөрдүн 70 пайызы суралып бүткөн.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге, 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурунда, өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Быйыл августта тоо-кен тармагындагы лицензия берүү маселеси боюнча Зилалиевге карата «Коррупция» беренеси менен дагы бир жаңы иш козголгон. Зилалиев өзүнө коюлган айыпты четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG