Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Ош: мэрлер "жеген" жерлер


Оштун чок ортосунан орун алган, оорукчан балдарды калыбына келтирүү борбору.
Оштун чок ортосунан орун алган, оорукчан балдарды калыбына келтирүү борбору.

Оштогу оорукчан балдарды калыбына келтирүү борборунун жерлерин мурдагы мэрлер мыйзамсыз сатканы аныкталды.

Убагында 1,5 гектар жери бар борбордун жер аянттары бүт менчиктештирилип, азыр жалгыз эски имарат гана мамлекет карамагында турат.

Оштун чок ортосунан орун алган, оорукчан балдарды калыбына келтирүү борбору 2003-жылдарга чейин шаардык төрөт үйү болгон. Ал убакта төрөт үйдүн 1,5 гектардан ашык жер аянты, тамак-аш, чарбакана, кеңеш берүү, бассейн, дарыгерлер үйү жана башка имараттары бар эле. Азыр болсо жалгыз гана эски төрөт үйдүн эки кабат имараты мамлекет карамагында болуп, калган имараттар жана жерлер жеке менчикке сатылып кеткен. Оорукчан балдарды калыбына келтирүү борборунун жетекчиси Зарифа Акматованын айтымында, бейтапкана карамагында балдар аянты да калган эмес.​

- Оорукананын мурунку тамак-аш блогунун ордуна үч кабат имарат курулган. Ал имарат документте Ормонов дегенге карайт деп турат. Бирок аны мурунку мэр Жантөрө Сатыбалдиевдики дешет. Анын жанындагы фундаментти мурунку мэр Жумадыл Исаковго карайт дешет, бирок мунун баары имиш. Азыр болсо биздин имараттын алдында оорукчан балдарды ойнотконго да жер калбаптыр.

Реабилитациялык борбордун аянтындагы имараттар
Реабилитациялык борбордун аянтындагы имараттар

Эски төрөтканын жери жана имараттары Жантөрө Сатыбалдиев менен Жумадыл Исаков Ош шаарынын башчылары болуп турган 2003-2007-жылдар аралыгында документтештирилген. Жантөрө Сатыбалдиев мэр болуп турган учурда - 2003-жылдын 6-ноябрында эски төрөткананын ашканасы Ормонов Кубаныч аттуу жаранга 208 миң сомго сатылган экен. Бул боюнча мэриядан №1233 номурлуу токтом чыккан. Кийин 2007-жылы ашканага кошулуп 942 чарчы метр жер аянты да Ормоновго өткөрүлүп берилген. Ош шаардык прокурорунун жардамчысы Тилек Жунусовдун айтымында, Ормоновго катталган мүлктөрдү Ош облусуна караштуу райондор аралык соттун чечими аркылуу жакында гана мамлекетке кайтарып алууга мүмкүн болду:

- Ормонов жана Кыштообаевага катталган жерлер боюнча сот биздин арызыбызды канааттандырды. Азыр ал жерлер мамлекетке кайтарылды. Дагы “Доктор Марипова” деп аталган жеке клиниканын иши азыр сотто каралып жатат. Бирок ошол эле эски төрөткананын аймагынан сатылган дагы эки жер тилкеси боюнча сот “кароо мөөнөтү өтүп кетти” деген жүйө менен биздин арызды канааттандырган жок.

Дал ушул кароо мөөнөтү өтүп кеткен делип жаткан 1322 чарчы метр жер тилкеси экиге бөлүнүп, 2005-2006-жылдары тогуз башка токтом менен эки адамга сатылган. Анын бири Сонунбүбү Сулайманова деген адамга катталган. Ал аталган жерди 2009-жылы башка жаранга сатып жиберген.

Реабилитациялык борбор
Реабилитациялык борбор

Сонунбүбү Сулайманова Эсеп палатасынын Ош аймактык башкармалыгынын мурдагы башчысы, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, азыркы “Күч биримдикте” партиясынын лидери Кадырбек Абдивалиевдин аялы.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундар 2005-жылкы токтом менен сатылган жер аянтынын бирин мурунку мэр Жумадыл Исаковдун аты менен да байланыштырып жүрүшөт. Бирок мурунку мэр Жумадыл Исаков ал жерлердин сатылышына эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

- Мунун баары жалган. Ал жер мага караштуу эмес. Текшергиле, ал кандай маалымат экенин. Мен прокуратурада кандай маалымат бар экенин билбейм.

Ош мэриясынын мүлктөрдү каттоо бөлүмүнүн башчысы Канышай Нарынбаева эски төрөтканага таандык мүлктөрдү кайра кайтаруу аракеттери мындан ары да улана берет деп билдирди.

- Азыр эски төрөтканага таандык болгон мүлктөрдүн экөө гана мамлекеттин карамагына кайтарылды. Калгандары колдон-колго өтүп кеткен. Бирок биз ал жерлер боюнча кароо мөөнөтү өтүп кеткенине карабай жаңы жагдайлары боюнча соттошууну, ал жерлерди толук кайтаруу аракетин кыла беребиз. Бул үчүн азыр кошумча материалдарды топтоп жатабыз.

Деген менен оорукчан балдарды калыбына келтирүү борборунун айланасында курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан кез. Адистердин айтымында, экинчи-үчүнчү сатып алуучулар ак ниет сатып алуучу деп эсептелет. Демек алар үчүн менчиктин кол тийбестиги камсыздалуусу шарт дешет.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетине жиберген маалыматка караганда, акыркы 23 жыл аралыгында мыйзамсыз менчиктештирилген медициналык мүлктөрдүн тизмеси 20 баракка батпайт. Анын ичинен Ош шаарында Ж. Сатыбалдиев, С. Чырмашев, Ж. Исаков, М. Мырзакматов деген мэрлердин тушунда мыйзамсыз сатылып, соту азырга чейин уланып жаткан 20 факты боюнча кылмыш иши бар. Менчик ээлеринен мүлктөр тартылып алынып жаткан менен, ал мүлктөрдүн жең ичинен сатылышына жол берген бир дагы шаар башчы же муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчилери жазалана элек.

XS
SM
MD
LG