Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Апрель соту: соттолуучулар актоону сурады


Апрель окуясы боюнча сот. 2-март, 2016-жыл
Апрель окуясы боюнча сот. 2-март, 2016-жыл

Республикалык аскер сотунда 2010-жылы 7-апрелдеги Ак үй астындагы кандуу окуя боюнча соттолуучулар акыркы сөзүн айта башташты. Алты жылга аяк баскан сотто 28 адам жоопкерчиликке тартылууда.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги маалында кызматта турган 28 адам сот жоопкерчилигине тартылууда. Алардын арасында өлкөдөн качып кетип, сыртынан сот өкүмү чыккан Курманбек Бакиев, Жаныбек Бакиев, Данияр Үсөнов жана Оксана Малеваная сыяктуу мурунку жогорку кызмат адамдары да бар.

“Бакиев менен жакындык үчүн соттосо болобу?”

2010-жылы 7-апрелдеги Ак үйдүн астындагы 77 кишинин өмүрүн жалмаган кандуу окуя боюнча соттук териштирүү Республикалык аскер сотунда уланып, анда бул кылмышка айыпталган соттолуучуларга акыркы сөз берилди. Бул инстанциядагы сот акыркы болуп саналат жана чыккан өкүм даттанууга жатпайт.

Биринчилерден болуп президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев соттолгондордун ичинен жалгыз жарандык кызматтагы адам экенин айтып, анын митингчилерге каршы күч түзүмдөрүнө буйрук берүүгө ыйгарым укугу болбогонун белгиледи. Андан соң мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов сүйлөп, кандуу окуяга анын катышы болгонун тастыктаган далилдер жок экенин билдирди.

Мурда мамлекеттик кеңешчи кызматында турган соттолуучу Элмурза Сатыбалдиев ага коюлган айыптоо жасалма экенин белгиледи:

- Мага коюлган айыптоолордун бардыгы ойдон чыгарылган. Бул бирөөлөрдүн мени абакка отургузуп, башка бирөөнүн астында кызмат өтөп жатканын көргөзгүсү келген эле каалоосу. Бирок өкүм чыгарып, мени абакка отургузуш үчүн ойдон чыгарылган иш менен жасалган каалоо аздык кылат. Эгерде андай боло турган болсо, анда муну сот эмес, жөн эле камоо болду деп карасак болот. Тергөө мага карата айыптоосун дагы жакшы коё алган эмес. Анткени андай нерсе деген жок. Мен Бакиев менен достошконуму эч качан жашырган эмесмин. Бирок мага жакын мамиле үчүн соттосо болот деген мыйзамды көргөзгүлөчү.

Соттук жараяндын жүрүшүндө мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев, дагы бири Данияр Дунганов чыгып, акыркы сөздөрүндө айыбын моюнга албай турганын айтып, соттон актоо өкүмүн күтө турганын билдиришти. Буларга 2010-жылы 6-апрель күнү азыркы президент Алмазбек Атамбаевди үйүнөн кармап, камакка алган "Альфанын” мурдагы командири Алмазбек Жолдошалиев дагы акыркы сөзүн сүйлөп, соттон актоо өкүмүн чыгаруу тилектештигине кошулду.

Кылмыш иштеринен жоголгон материалдар

Жабырлануучу тараптын адвокаты Сартпай Жайчыбеков кылмыш иши бурмаланып, анын натыйжасында соттолуучулар толугу менен актанганга өттү деп айыптады:

- Кылмыш иштеринде сиздердин баштапкы берген түшүнүк каттарыңыздар жок болуп чыкты. Эмнеге? Анткени силер тергөө менен келишип кеткенсиңер. Азыр эми сотто тергөө органдарын жамандап жатасыңар. Бирок кылмыш иштерин карап отуруп, алар силерге аябай жардам бергенин байкадым. Кылмыш ишинде куралын таштап, ок атуудан, адам өлтүрүүдөн баш тартып кетип калган окуянын күбөлөрү болгон аскер кызматчылары бар. Алар кечки саат алтыга чейин эле кетип калышкан. Силер болсо түн ортосуна чейин кимди кайтарып турдуңар? Ошонун айынан ок атылып, адамдар каза болуп жатты.

Апрель соту: соттолуучулар соңку сөздөрүн айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

Ошол эле кезде соттолуучулардын адвокаттары Ак үй стратегиялык маанидеги объект болгондуктан, мыйзамга ылайык, аны коргоо үчүн аскерлерге кандайдыр бир буйруктун болушу шарт эмес деген жүйөнү келтиришти. Ошондой эле баллистикалык экспертиза митингчилерге тийген октордун аталган аскер кызматкерлеринин куралынан чыкканын аныктай алган эмес. Ошондуктан соттолуучулардын жеке жоопкерчилиги тергөөдө аныкталбаган шартта аларды түздөн түз айыпкер катары соттоп жиберүү мыйзамга каршы келээри белгиленди.

Нурлан Турсункуловдун адвокаты Руслан Долаев бул иштерди кароодо Ак үйгө куралдуу кол салуу болгонун эстен чыгарбайлы деди:

- Биз бардыгыбыз видео тасмадан ал жөн эле тынчтык митинги болбогонун көргөнбүз. Ошондой эле биз видео кадрлардан митингчилердин арасында бир эмес, бир нече куралчан адамдар болгонун билебиз. Ошондой эле мына ошол куралчан адамдардардын чабуулунан улам аскер кызматкерлери да каза тапканын айтпай кетүүгө болбойт. Ошентип анын жыйынтыгында кайтарылган объектке кол салуу болгонбу же болгон эмеспи деген суроо келип чыгат. Тиешелүү далил заттардын жана көрсөтмөлөрдүн негизинде куралчан адамдар тарабынан Ак үйгө чабуул болгонун тана албайбыз.

Соттун буга чейинки инстанциясында атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга кесилген.

Мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев он жылга кесилип, камакка алынган. Он жылга эркинен ажыратылган Суталиновдун кеңешчиси Марат Бакиевге, ошол кездеги президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеванаяга жана өмүр бою эркинен ажыратылган ошол кездеги өкмөт башчысы Данияр Үсөновго сыртынан өкүм чыккан болчу.

Бишкекте Ак үйдүн алдында 2010-жылкы элдик толкундоонун натыйжасында 77 адам окко учуп, 300дөн ашууну жараат алган.

XS
SM
MD
LG