Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:55

Өкмөт тоо шартындагы жеңилдиктерди жойгон мыйзам долбоорун чакыртып алды


Өкмөттүн маалымат кызматынан 25-январда кабарлашкандай, өкмөт бийик тоолуу аймактарда жашаган калкка берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндөгү парламентке жөнөтүлгөн мыйзам долбоорун чакыртып алды. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан 2015-жылы даярдалган мыйзам долбоору чийки деп табылды.

Өкмөттүн бул мыйзам долбоору тоолуу аймактарда жашаган калктын, өзгөчө Нарын облусунун тургундарынын нааразылыгын пайда кылып, алар 27-январга митинг белгилешкен. Өкмөт ошондой эле автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамын аткарбаган үчүн айып пул салуу мөөнөтүн 2018-жылдан тарта киргизүү чечимин кабыл алды. Мыйзам өзү 7-февралдан тарта күчүнө кирмекчи. (AiT)

XS
SM
MD
LG