Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:41

Камсыздандырылбаган унааларга айып пул 2018-жылдан тарта салынат


Бишкек шаарындагы унаалар
Бишкек шаарындагы унаалар

Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы менен өткөн өкмөттүк жыйында автоунааларын камсыздандыруудан өткөрбөгөндөрдү административдик жазага тартууну 2018-жылдын 1-январынан баштоо чечими кабыл алынды.

Ал эми унааларды камсыздандыруу мыйзамда көрсөтүлгөндөй эле 2016-жылдын 7-февралында башталат.

Буга чейин Транспорттук унааларды милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзамга ылайык, машиналардын ээлерине административдик айып пул салуу камсыздандыруу ишке киргенден кийин 2,5 айдан соң башталары айтылган.

Бул мыйзам коомчулуктун катуу сынына кабылып, бир топ нааразылыктарды жараткан. Нарын облусунун жашоочулары 27-январга белгиленген митингде камсыздандырууга каршы да пикирлерин билдиришмек. (UEz)

XS
SM
MD
LG