Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Нарымбаев, Коркмазовдун иши Бишкек шаардык сотунда каралат


Бишкек шаардык соту бүгүн Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун адвокаттарынын апелляциялык арызын карай баштайт. Бул тууралуу Хажимурат Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев 14-январда билдирди.

Биринчи Май райондук соту 27-ноябрдагы өкүмүндө президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевди жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Коркмазовду көз боёмочулук боюнча айыптап, үй мүлктөрүн конфискациялоо менен 3 жылга эркинен ажыраткан.

Адвокаттар Бишкек шаардык сотуна жазган апелляциялык арызында Коркмазов жана Нарымбаевди толук актоону өтүнгөн. Ал эми прокуратура, тескерисинче, жазаны күчөтүүнү талап кылууда.

Нарымбаев менен Коркмазов Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеевадан пара алган деп айыпталган. (AiT)

XS
SM
MD
LG