Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:07

Оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга тыюу салуунун мөөнөтүн узартуу сунушталууда


Оң рулдуу машиналардын ээлери тыюу салууну алып салуунун талап кылып, бир жыл мурун өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүшкөн. 23-январь, 2015-жыл
Оң рулдуу машиналардын ээлери тыюу салууну алып салуунун талап кылып, бир жыл мурун өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүшкөн. 23-январь, 2015-жыл

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары оң рулдуу автомашиналарды коммерциялык негизде пайдаланып, эл ташууга тыюу салуунун мөөнөтүн кеминде 3-4 жылга узартууну сунушташууда. Эл өкүлдөрү өлкөдө көп сандаган оң рулдуу машиналар бар экенин белгилеп, тыюу салуу социалдык чыңалууга алып келиши ыктымалдыгын белгилешүүдө. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров мындай машина менен эл ташып кызмат көрсөткөндөрдүн баары көмүскөгө кетерин, мыйзамды ишке ашырууга азыр эрте экенин парламент жыйынында билдирген.

2016-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. Бирок аны ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратууда.

Такталбаган маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү алыс-жакын каттамдарга, шаар ичинде такси кызматын көрсөткөн машиналардын дээрлик 25% оң рулдуу автоунаалар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG