Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Жээнбеков: “Центерра" бийликтин сырын билет


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча “Центерра Голд Инк” менен жаңы сүйлөшүүнү баштарын билдирди. Бир сүйлөшүүнү аягына чыгара албай жатып, жаңыдан кандай максат, ыкма жана жол менен сүйлөшүү мүмкүн? Мына ушул жана башка суроолорго Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициячы саясатчы Равшан Жээнбеков жооп берди.

“Азаттык”: Равшан мырза, өкмөт бир нече жылдан бери ийгиликсиз жүрүп келаткан сүйлөшүүнү токтотуп, жаңыдан сүйлөшүү баштарын жарыялады. Эмне жөнүндө, кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн?

Р.Жээнбеков: Азырынча кандай сүйлөшүү болорун айтуу кыйын. Бирок биз үчүн таңкалыштуусу президент да, өкмөт да, бийликтин тегерегиндеги депутаттар да 50-50% деген идеядан баш тартып, башка сунуштарды киргизип жатканы бийлик башындагылардын жаңы оюнду баштап жатканын далилдейт. Эгерде бул идея начар болсо, аны президент колдобойт эле, өкмөт, бийликчил депутаттар колдобойт эле. Азыр баш тартуунун артында аябай чоң сыр жатат деп ойлойм.

“Азаттык”: Кошумча акцияларды чыгаруу ошол сырдын бир учугу эмеспи?

Р.Жээнбеков: Андай болушу да мүмкүн. Себеби биздин өкмөттүн, бийликтин сөзүнө турбай тургандыгын, эл аралык деңгээлде, Кыргызстандын ичинде да туруктуу түрдө чет өлкөлүк инвесторлор менен тең ата иш алып бара албасын Кумтөрдүн “Центеррадагы” ээлери билип алып, ошого жараша басым жасай башташты. Экинчиден, алар Кыргызстандагы оор экономикалык абалды сезип турушат. Бүгүнкү күндө кыргыз бийлиги Кумтөрдү токтотууга күчү жетпешин сезгенден кийин алар эмиссия кылуу идеясын, басым жасай турган болсоңор эл аралык сотторго барабыз деген идеяларын көтөрүп, биздин бийликтин колунан эч нерсе келбесин далилдөөгө өтө башташты.

“Азаттык”: “Центерра Голд Инк” кошумча акция чыгарып, Кыргызстандын үлүшү азайта турган болууда. Кыргыз бийлиги Кыргызстандын абалын жакшыртуу эмес, азыркы абалын сактап калууга дараметсиз болуп жатабы?

Р.Жээнбеков: Туура айтып жатасыз. Эгерде биз жаңы сүйлөшүүнү баштай турган болсок, анда биздин абалыбыз мындан да начарлайт. Анткени эртең Кумтөр кандайдыр бир себептер менен токтоп кала турган болсо биздин экономикада катастрофалык абал түзүлөт. Кумтөрдөн жылына бюджетке, жаңылбасам, 6-7 млрд. сомдун тегерегиндеги акча салык, дивиденд жана башка жолдор менен түшөт. Мына ушул жагынан бизге коркунуч туудурат. Ошондуктан жаңы сүйлөшүүлөр жана келишим бизге ийгилик алып келбешине толугу менен көзүм жетет.

“Азаттык”: Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү өкмөт убактылуу токтотуп койду. Мунун менен өкмөттүн колунда “Центерраны” ийге келтирүүчү көзүрлөрү пайда болобу?

Р.Жээнбеков: Менин көз карашымда, бүгүнкү күндө биздин өкмөттүн колунда эч кандай көзүр жок. Анткени жана айтылгандай, бардык артыкчылыктар алардын колунда. Дүйнөдөгү, Кыргызстандагы оор экономикалык абал Кумтөр маселесинде “Центерранын” пайдасына ойноп жатат. Ошондуктан мындан кийинки сүйлөшүүлөрдө утуш “Центерра” тарапта болот.

“Азаттык”: Демек, жаңы сүйлөшүүлөр деген мурдатан айтылып келаткандай убакытты созуубу?

Р.Жээнбеков: Андай болушу да мүмкүн. Анткени сүйлөшүүлөр деп убакытты созгон өкмөттүн ичиндеги, бийликтеги “Центерранын” сөзүн сүйлөгөн мамлекеттик кызматкерлерге аябай пайдалуу, анткени созгон сайын алтын алынып, Кумтөр иштеп жатат. Экинчиден, созуу менен экинчи тарап биздеги оор экономикалык, бюджеттик абалды пайдаланып, кыргыз бийлигине басым жасаганга мүмкүнчүлүк пайда болууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG