Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:11

HRW Москва менен Дамаскты тыюу салынган ок-дарыларды колдонду деп айыптады


Орусиянын аба соккулары. Сирия, 20-декабрь, 2015-жыл
Орусиянын аба соккулары. Сирия, 20-декабрь, 2015-жыл

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Сирия менен Орусия 30-сентябрда көтөрүлүшчүлөргө каршы биргеликте чабуул баштагандан бери мына ошондой тыюу салынган ок-дарылар кеминде жыйырмадан ашуун жолу колдонулганын жарыялады. Нью-Йорктогу адам укугун коргоо тобу тогуз жердеги ошондой чабуулдан кеминде 35 жайкын тургун каза тапканын айтууда. Алардын бешөө аялдар, он жетиси балдар экени боюнча маалымат топтогон. Мындан башка качкындар лагерине тыйуу салынган ок-дары менен эки ирет сокку урулганы катталган.

20-декабрда жарыяланган билдирүүсүндө Human Rights Watch кассеталык ок-дарылары бар соккулар жалаң гана Сириянын оппозиция көзөмөлдөгөн аймактарына урулганын белгилеген. Кассеталык ок дарылар - бул жерден артиллерия аркылуу же ракета менен учактан ташталуучу жардыруучу курал. Мындай куралды колдонууга БУУнун демилгеси менен 118 өлкө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG