Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Сирия боюнча "жол карта" жактырылды


Сирия маселесин талкуулаган тышкы иштер министрлеринин Нью-Йорк жыйыны, 18-декабрь, 2015-жыл.
Сирия маселесин талкуулаган тышкы иштер министрлеринин Нью-Йорк жыйыны, 18-декабрь, 2015-жыл.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча резолюцияны жактырды. Беш жылга жакын убактан бери жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөдөгү тынчтык жараяндын "жол картасы" катары каралган резолюцияга ылайык өкмөт жана байистүү оппозициячыл топтор сүйлөшүүлөргө макул болушу керек.

БУУнун Коопсуздук кеңеши бир добуштан жактырган резолюцияны АКШ менен Орусия чогуу сунуш кылды.

Анда Коопсуздук кеңеши Сириядагы жарандык согушту токтотуу үчүн президент Башар Асаддын режими менен ага каршы күрөшүп жаткан оппозициячыл топторду январь айында тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырды.

Эл аралык коомчулук үчүн Сирия боюнча "жол карта" деп саналган документтин маанисин ага добуш берилер алдында АКШ президенти Барак Обама мындайча чечмеледи:

- Сириядагы кыйроону толугу менен жеңүү өтө оор болот, бирок Сирия мамлекетин сактай турган саясий өткөөлдү табуу үчүн мүмкүнчүлүк жаралды. Ок атышууну токтотууга киришүүнү демилгелөө, бул ойдогудай болбосо да, тараптардын баарынын көңүлүн номур биринчи маселеге - “Ислам мамлекети” тобун жана анын аймактагы өнөктөштөрүн талкалоого бурат деген үмүт бар.

Президент Обама Сирияны “Ислам мамлекети” тобунан тазалоо үчүн өлкөдөгү жарандык согуш токтошу керектигин белгиледи.

Асад тууралуу эч нерсе айтылган жок

Сирия боюнча "жол картасын" БУУнун Коопсуздук кеңешине чейин Нью-Йорктогу жыйында 20 өлкөнүн тышкы иштер министрлери талкуулады.
Сирия боюнча "жол картасын" БУУнун Коопсуздук кеңешине чейин Нью-Йорктогу жыйында 20 өлкөнүн тышкы иштер министрлери талкуулады.

БУУнун жаңы резолюциясында Сирия президенти Асаддын болочогу тууралуу эч нерсе айтылган жок. Бирок Батыш менен Орусия бул маселеде эки ача турумда экени маалым.

Асадды колдогон Орусия жана Иран ал бийликте калышы керек десе, АКШ жана анын өнөктөштөрү кетиши керек деп санайт.

Мамлекеттик катчы Жон Керри Коопсуздук кеңешиндеги талкууда төмөнкүлөргө токтолду:

- Президент Асад биздин көз карашта, муну баары бөлүшпөйт, Сирияны колдоо боюнча эл аралык топтогулардын басымдуу көпчүлүгү ал Сирияны бириктирүү, моралдык ишеним жаратуу жана келечекте башкара алуу мүмкүнчүлүгүн жоготту деп санайт.

Жон Керри резолюция кабыл алынгандан кийинки басма сөз жыйында кошумчалагандай, алар режим менен оппозициянын сүйлөшүүсү январь айынын орто ченинде башталат деп күтүшүүдө.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиустун пикиринде, Сирия өкмөтү менен оппозициянын сүйлөшүүсү эгер Асадын бийликтен кетиши боюнча ишенимдүү кепилдик болсо гана ийгилик табат. Колу канга булганган саясатчынын кайрадан шайлоого катышуусу кабыл алынгыс.

Сирия оппозициясынын Стамбулда жайгашкан Улуттук коалициясынын жетекчилиги БУУнун резолюциясында Асад тууралуу эч нерсе айтылбагандыктан, тынчтык сүйлөшүүлөрдүн келечегине күмөн саноо жана өкмөт жана аларды колдогон Орусия козголоңчулардын турумдарына абадан сокку урууну токтотуусу зарылдыгын билдиришти.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Асаддын бийлиги жана оппозиция өткөөл өкмөттү алты айда түзүүгө аракеттениши керек.

Андан кийин жаңы Конституция кабыл алынып, анын негизинде шайлоо өтүшү абзел. Бүткүл саясий жараян 18 ай ичинде ишке аша алат деп болжолдонууда.

Резолюциянын бир добуштан кабыл алынуусу “БУУнун уставынын негизинде кеңири антитеррордук майданды курууга жол ачышы керек”, - деген Лавров өз сөзүндө буларга токтолду:

- Сирия бирдиктүү, светтик, көп диндүү жана көп улуттуу өлкө бойдон калышы зарыл. Калктын бардык топтору үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болушу керек. Өз келечегин аныктоого Сирия эли гана укуктуу. Бул сириялыктарга кайсы бир маселелердин чечилишин, анын ичинде президентинин тагдырын сырттан таңуулоо аракеттерине ачык жооп.

БУУдагы резолюциянын кабыл алынышына АКШ менен Орусиянын соңку сүйлөшүүлөрү мүмкүндүк берди.

Өткөн аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Москвага келип, президент Путин менен жолугуп кеткен.

Ал жолугушуудан соң Москва жана Вашингтон Сирия боюнча “орток таяныч” таба баштаганы айтылган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG