Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Сирия оппозициясы тынчтык сүйлөшүүнүн шартын аныктоодо


Сирия оппозициясынын Эр-Риядда өткөргөн маалымат жыйыны. 10-декабрь, 2015-жыл
Сирия оппозициясынын Эр-Риядда өткөргөн маалымат жыйыны. 10-декабрь, 2015-жыл

Сириядагы оппозиция кийинки айда Асаддын өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өз ара макулдашты.

Бул сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде өлкөдөгү беш жылга чукул созулган жарандык согушту токтотуп, кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун шарттары каралууга тийиш. Сириядагы Асаддын бийлиги менен байистүү оппозициянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө Сауд Арабиясы ортомчулук кылууда.

Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда чогулган Сириядагы оппозициялык саясатчылар жана көтөрүлүшчүлөр тобу Башар Асаддын өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн иштелип чыккан негизги шарттар менен эрежелерди жарыялады. Билдирүүдө Сирия коомунун бардык катмарынын кызыкчылыгын ичине камтыган бийлик режимин түзүүгө чакырык ташталды. Ошондой эле анда өлкөнү жаңы бийлик системасына өткөрүү жараянына учурдагы президент Башар Асад жана анын жардамчылары аралашпоого тийиш экени көрсөтүлгөн. Буга чейин сириялык көтөрүлүшчү топтордун бири бирдиктүү фронт түзүүгө багытталган ал сүйлөшүүлөрдөн чыгып кеткен. Аталган “Ахрар аш-Шам” тобу Сириядагы биргелешкен жетекчиликти түзүүдөгү башкы роль саясатчыларга берилип, ыңкылапчы топтордун өкүлдөрү анда аз көрсөтүлгөнүнө нааразы болгон.

Сауд Арабиясынын борборундагы эки күндүк жыйында оппозициялык саясий альянс менен улуттук координациялык комитеттин өкүлдөрү бир үстөлдө отурушту. Арачылык милдетти алгысы келген аталган комитетке президент Асаддын көзү түз экени айтылган эле. Бул жыйынга Сириядагы бардык көтөрүлүшчү топтор өз өкүлдөрүн жөнөтүшкөн болчу. Бул өкүлдөрдүн бардыгы Сирия бирдиктүү, демократиялуу мамлекет болушу зарыл жана чет өлкөлүк жалданмалар өлкөдөн чыгып кетиши керек деген маселеде бир пикирде экени белгилүү болду. Оппозицияга кирген улуттук коалициянын мүчөсү Монзер Акбик өкүлдөр 25 адамдан турган демилгелүү топ түзүү чечимине келгенин билдирди. Анын алтоо улуттук коалициядан, алтоо көтөрүлүшчү топтордон, бешөө улуттук координациялык комитеттен жана сегиз адам көз карандысыз саясатчылардан болду. Мындан башка Асад менен сүйлөшүү жүргүзүүгө 15 адамдан турган атайын топ түзүлө турганы айтылды.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Эр-Рияддагы тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү өтүп жатканын айткан болчу. Дүйнөлүк державалар Сириянын бириккен оппозициясы менен Асаддын өкмөтүн жараштыруу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдү алдыдагы январь айында өткөрүүнү мерчемдешкен. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тараптардын далалаты туурасында мына буларга токтолду:

- Сауд Арабияда Сириядагы оппозициялык жана көтөрүлүшчү топтордун ортосундагы бир пикирге келип, мунаса табууга багытталган бул жолугушуу учурда конструктивдүү өтүп жатат. Биз эми бул конференциянын жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Бардыгы тынчтыкты калыбына келтирүүгө карай багытталып баратканы Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги астында бул баштапкы саясий жараянды баштай берүүгө негиз берет. Бул багытта биз бир топ алдыга жылдык. Бирок алдыда татаал көйгөйлөрдү басып өтүүгө туура келет.

Мындан сырткары Жон Керри Араб лигасынын, Еврошаркеттин, БУУнун жана 17 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган Сирияны колдоо боюнча жаңы эл аралык топтун жолугушуусу 18-декабрда Нью-Йоркто өтө турганын билдирген. “Ахрар аш-Шам” тобу бул мезгилде сүйлөшүүлөргө режим менен тыгыз байланыштагы күчтөр дагы аралашып жатканын айтып, андан чыга турганын жарыялады. Муну менен аталган топ Асадга көзү түз болуп келген улуттук координациялык комитеттин бирдиктүү оппозициянын курамына кандайча кирип калганына нааразылык билдирген. “Ахрар аш-Шам” салафиттик багыттагы тобу Асадга каршы күрөшкөн "Жаиш аль-Фаттах" коалициясына кирет. Сауд Арабия уюштурган бул тынчтык сүйлөшүүлөрдү Иран сындап чыкты. Расмий Тегеран түзүлүп жаткан Сириянын бирдиктүү оппозициясынын курамына “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен байланышы бар уюмдар кирип калганын айыптаган билдирүү таратты. Бирок ал кайсы уюмдар экени ачык аталган эмес.

XS
SM
MD
LG