Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Доллар кымбаттоонун үстүндө


Улуттук банктын көрсөткүчү боюнча бүгүн 1 АКШ доллары 70 сом 38 тыйын болду. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда доллар баасы 71 сомдон ашты. Бишкектеги Москва-Байтик көчөлөрүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруучу жайлардын айрымдары 1 АКШ долларын 71 сом 50 тыйындан сатышууда.

АКШ доллары август айынын аягында кескин кымбаттай баштаган. Буга Казакстандын улуттук валютасы –теңгенин девальвацияланып, эркин кое берилгени негиз кылынган болчу. Ошондой эле адистер сомдун долларга карата нарксызданышын Орусиядагы кризиске да байланыштырып келишет.

Казакстанда 1 АКШ доллары 311 теңгеден сатылууда. Орус рублинин долларга карата расмий куну 63,68 рубль = 1 доллар. Ал эми акча базарындагы курс 64,5 рубль = 1 доллар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG