Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

“Википедия” – эне тилди өнүктүрүүдөгү ашарчылыктын түрү


Студенттер жана окутуучулар Жусуп Баласагын атындагы КУУда "Википедияга" арналган баяндаманы угууда. Бишкек. 28.3.2011.
Студенттер жана окутуучулар Жусуп Баласагын атындагы КУУда "Википедияга" арналган баяндаманы угууда. Бишкек. 28.3.2011.

Бүгүн, аяк оонанын 22синде, Кыргызстанда эне тилдин – мамлекеттик тил макамын алган кыргыз тилинин майрамынын ирегесинде, - алгачкы жолу Кыргызстандын өкмөт башчысынынын деңгээлинде кыргызча “Википедиянын” өнүгүү деңгээли жана көйгөйлөрү талкууга алынып жатат. Мындагы башкы маселе – интернеттеги кыргызча барактардын өнүгүшүнө карата расмий жана жарандык кайдыгерликти жеңүү.

“Викинин” тарыхынан

Эл аралык ачык интернет энциклопедиясы болгон “Википедиянын” эӊ башкы мааниси – интернет жайыты аркылуу ар кыл тилдерде коомдук энциклопедиялык билим кампасын түзүү жана бекер сунуштоо (Wikipedia сөзүнүн алгачкы бөлүгү - “Уики” – гаваййи тилинде “ыкчам” дегенди билдирет; ал эми “педия” – жалпыга маалым “энциклопедия” сөзүнүн акыркы бөлүгү).

Дүйнө жүзүндө интернет аркылуу бекер, ачык энциклопедия түзүү идеясын 1993-жылы Рик Гэйтс сунуштаган. Демек, бул идея – салыштырмалуу жаңы. Бул идеянын өмүрү – пост-советтик эгемен Кыргызстандын алгачкы жылы төрөлгөндөрдүн өмүрүнөн да жашыраак.

Бул идеяны, бирок, Рик Гэйтс эмес, Жимми Уэлс үстүбүздөгү кылымдын башында жүзөгө ашырып, көп тилдүү, көп тармактуу “Википедияны” негиздеген (ага Ларри Сангер жардам берген). 2011-жылы 15-январда “Википедия” өзүнүн 10 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи.

Аз убакыттын ичинде “Википедиянын” өз эне тилиндеги барагын өнүктүрүү – дүйнөдөгү жандуу тили бар калктардын өкүлдөрүнүн айдыңдык атаандашуу мерчемине айланды. Мурда, 18-20-кылымдарда, кооз сүрөттүү жана калың энциклопедияларды жана энциклопедиялык сөздүктөрдү том-том кылып чыгаруу аркылуу тийешелүү мамлекеттердеги айдыңдар өзүнчө компоюп калышчу. Бул томдуктарды сатуу көбүнчө кыйынга туруп, кээде аларды китепканалар, илимий мекемелер жана чөнтөгү калың жеке кардарлар гана сатып алышчу.

Мындай энциклопедиялардын томдору чыгаар замат эскирген учурлар да арбын. Маселен, “Г” тамгасына тийешелүү томдук 1961-жылдын май (бугу) айында чыкты дейлик, анда бир ай мурдагы окуяны - 1961-жылдын апрел (чын куран) айынын 12синдеги Юрий Гагариндин космоско учушу тууралуу маалыматты киргизүүгө кеч болчу (китептин басмаканада терилиши анан 2-3 ай мурда бүткөрүлчү).

Эми жагдай түп-тамырынан өзгөрдү. Керек болсо, ушул сааттагы өзгөрүүнү же олуттуу жаңылыкты интернеттеги ачык энциклопедияга маалымат катары ушул мүнөттө дароо киргизүүгө болот.

“Википедия” – орток жана ыктыярдуу салымдардын мөмөсү

“Википедиянын” эӊ башкы өзгөчөлүгү – ар бир окурманга (анын ичинде сизге да, коӊшуӊузга да, профессорго да, дилетантка да, адиске да, адис эмес замандашка да) “тартынбастан өз макалаӊызды жазыӊыз” деп сунуш кылганы.

Адамзаттын жыйнаган мол тажрыйбасын бардык замандаштар жана урпактар үчүн энциклопедиялык деӊгээлде, орток жана акысыз топтоо – эч качан бир гана кишинин, бир гана этностун жана бир гана мамлекеттин колунан келбей турган жалпы адамзаттык иш-аракет, орток жүрүм. Бул – бир гана кишинин, партиянын же мамлекеттин “камчысын” чаппайт, бүткүл адамзаттын камын көрөт, анткени бардык тилдерде айдыңдык маалыматты интернет аркылуу ачык жарыялоо – бардык элдердин, демек, жалпы адамзаттын билим кампасын кеңейтүү эмеспи. Эч бир полиглот дүйнөдөгү бардык тилдерде сүйлөй албай тургандыгы түшүнүктүү.

Ушул тапта “Википедиянын” эӊ башкы казынасы – анын англис тилдүү варианты (бүгүн, аяк оонанын 22синде, анда 4,972,030 сөздүктүк макала бар).

Анча-мынча сөздүктүк макала камтыган тилдерди кошкондо, дүйнөдө 289 тилде “Википедияны” өнүктүрүү үчүн атайын эне тилдик баракча ачылган. Мында 132-тилден ылдыйкылары он миңден азыраак сөздүктүк макалалары бар тилдер.

“Википедиянын” ар кыл тилдерде өнүгүшү. Жадыбал. . 28.3.2011.
“Википедиянын” ар кыл тилдерде өнүгүшү. Жадыбал. . 28.3.2011.

Маселенин кыргыз тилине кандай тийешеси бар экендигин ачыктоо үчүн айта кетсек, 2011-жылдын 28-мартына карата кыргыз тилиндеги “Википедияда” 1410 сөздүктүк макала бар болчу, биздин тил дүйнөдө 192-орунду араң ээлеп турган.

“Википедиячылар” кыймылы - Кыргызстанда

Кыргызстанда кыргыз тилиндеги “Википедияны” өнүктүрүү маселесин оболу бийликтер эмес, карапайым атуулдар козгошту. Алар 2011-жылдан бери кыргыз википедиячыларынын кыймылын уюштурушту (жетекчиси – Чоробек Сааданбек, "Bizdin.kg / Кыргызча китептер" долбоорунун деректири). “Кыргызстан Сорос” корунун жардамы менен жана өз алдынча ар кыл семинарларды бардык облустарда өткөрүп келишти.

Кыргызча bizdin.kg интернет барагынын негиздөөчүсү Чоробек Сааданбеков. Бишкек, 30.3.2011.
Кыргызча bizdin.kg интернет барагынын негиздөөчүсү Чоробек Сааданбеков. Бишкек, 30.3.2011.

Өз демилгелүү атуулдар “Википедияга” ар кыл татаал мултимедиалык маалыматтарды, сөздүктүк макалаларды жарыялашты жана котормолор менен алектеништи (Жаныбек Жанызак, Максат Матраимов, Ташманбет Кененсариев, Орозобек Түгөлбаев, Улан Айдар, Элебай Турганбаев, Тынчтыкбек Досмуратов, ж.б.).

Айрымдары “Википедияга” макала жазуу ыкмасын видео тасмага жазып, мындай тасманы интернетке жарыялашты (Тынчтык Жанадыл, IREXтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Билим берүүдөгү заманбап технологиялар программасынын тренингдер боюнча координатору, ж.б.). Кыргыздын айдың айымдары да бул ашардык иш-аракетке жандуу катышып келишти (Аида Бишкек, Айдай Асанбекова, Гүлжамал Эсеналиева, Лира Самыкбаева, Шайыр Батырбаева, Чолпон Жанадылова, ж.б.).

Кыргыз техникалык университетинде кыргызча "Википедияга" арналган семинарга катышкан топтордун бири. Бишкек. 31.3.2011.
Кыргыз техникалык университетинде кыргызча "Википедияга" арналган семинарга катышкан топтордун бири. Бишкек. 31.3.2011.

Жүздөгөн ыктыярчы студенттер (арасында Кыргыйбек Молдожунусов (КТМУ), Дастан Эстебесов (КЭаУ), Мээрим Мамбетова (КУУ), Жаңыл Маликова (НМУ), Нуржамал Мамбетсейитова (НМУ), Орозгул Койчуман кызы (ОшМУ), Гүлназ Тултемирова (КТУ), Гүлнура Ашимова (КУУ), Райымжан Тимурбаев (КТУ), Нуржан Таалай кызы (КЭаУ), Максат Карганбеков (НМУ), ж.б. бар) “Википедияга” сөздүктүк макала жүктөөдө кол кабыш кылып жатышты. Алар "Википедияга" арналган семинарларга жандуу катышышты.

Акыры, кыргызча “Википедияда” азыр-көптүр жылыштар башталды. 2013-жылы 3-январда – кыргызча “Википедияда” 22,070 сөздүктүк макала бар болчу.

2015-жылдын аяк оона (сентябр) айынын 22сине карата мында 47,575 сөздүктүк макала бар. Демек, 10,000ден көп сөздүктүк макаласы бар 131 тилдин ичинен кыргыз тили бүгүн 75-орунду ээлеп турат.

Азыркы тапта дүйнөдө болжол менен 4 млн киши кыргызча сүйлөйт. Алардын айрымдары арап же латын арибин колдонот, басымдуу көпчүлүгү кирил жазмасында окуйт.

Маселе – кайсы тилде канча киши сүйлөп жатканында эмес

Эстондор "Википедияны" сөздүктүк макала менен толтурууда 43-орунда (аяк оонанын 22сине карата 137,961 сөздүктүк макала менен) турат. Дүйнөдө 1,1 млн киши эстон тилинде сүйлөйт.

Дүйнөдөгү калк саны 37 млн болгон өзбектердин “Викиси” 44-орунда турат (бүгүн бул тилдеги “Википедиянын” 127,957 макаласы бар. Эгерде 24.04.2014 карата өзбекче “Википедиянын” 127,549 сөздүктүк макаласы болгонун эске алсак, анда бир жылда анча еле көп өзгөрүү болбогонун байкайбыз).

Казак тили “Викиде” 33-орунда турат (бул тилде аяк оонанын 22сине карата 212,201 сөздүктүк макала бар).

Бир миллиондон ашуун сөздүктүк макаланы “Викиге” жайгаштырган тилдер 12ге жетти. Алардын арасында орус тили 7-орунда турат (аяк оонанын 22ине карата анда 1,255,010 сөздүктүк макала бар). Дүйнөдө 260 миллиондой киши ушул тилде сүйлөй алат.

Ал эми дүйнөдө 28 миллиондой киши голланд (нидерланд) тилинде сүйлөйт. Алардын “Википедиясында” 1,836,125 сөздүктүк макала бар. Голланддар 4-орунда турат.

Бул мисалдардан, өзгөчө алганда, эстондор менен голланддардын өрнөгүнөн улам, эң негизгиси – калк санында эмес, “Викиге” эне тилде ыктыярдуу маалымат жазган айдыңдардын мээнеткечтигинде, жекече инсандык сапатында экенин баса белгилесек болот.

Ашардык жаңы чөйрө

Эгерде “Википедиядагы” кампабыз канчалык бай болсо, анда башка да интернет ресурстарын кыргыз тилинде сүйлөтүү үчүн ошончолук жеңилдик жаралат (ушул тапта “Майкрософт” жана “Гугл” өз казынасын кыргызчага которууга аракет кылып жатат).

Бул – өзүнчө эле интеллектуалдык ашар ыкмасы.

Кыргызстандагы интернет кыймылынын жигердүү өкүлдөрүнүн бири Жаныбек Жанызак жана Рахат Сабырбеков. 30.3.2011.
Кыргызстандагы интернет кыймылынын жигердүү өкүлдөрүнүн бири Жаныбек Жанызак жана Рахат Сабырбеков. 30.3.2011.

“Википедияны” колдонгон окурман (кардар) үчүн эки жол бар:

- кардар катары тек гана тийешелүү макаланы окуу, б.а. бекер тейлөө кызматынан пайдалануу;

- окурман болуп чектелбестен, ыктыярчы автор же редактор болуу; мындай окурман, демек, өзү да эч тартынбастан жаӊы макала жаза баштайт, сүрөттөрдү, видео ж.б. маалыматтарды “Википедияга” жүктөйт; же башка авторлордун “Википедиядагы” макаласындагы өзү ката деп санаган жерлерин оңдоп, редакциялай алат; ал “Википедиядагы” ар кыл тилдердеги айрым калпыстыктарды булактын негизинде түзөтө алат, аларга кошумча киргизе алат. Бул иш-аракетти ал эч акы албастан ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашырат.

Албетте, “Википедияда” интеллектуалдык (айдыңдык) чектөөлөр да бар.

Маселен, “Википедия” өтө тактыкты талап кылат, демек, анын авторлору тактыкка жана калыс маалыматка жалпы умтулушат, жалган маалыматты четке кагышат.

“Википедия” - ар кыл коомдук топтордун, улуттардын, расалардын, диний агымдардын, ж.б. өз ара тирешүүсүнө жол койбой турган, адамзаттын орток асыл-нарктарын көңүл чордонунда туткан орток гуманитардык пайдубал.

Ошондуктан интернетке макала жарыялаар алдында өз жүйөөңүздө тастыктоо үчүн зарыл шилтемелерди жана тийешелүү адабият тизмесин да камдап алганыӊыз жөн.

Кыргызча “Википедиянын” жардылыгын жоюу жолдору:

“Википедиянын” кыргызча барагынын башкы бети. 22.9.2015.
“Википедиянын” кыргызча барагынын башкы бети. 22.9.2015.

А. Кыргыз тилин дурус билген окурман Кыргызстан жана дүйнө тууралуу атайын илимий жана башка макалаларды өз алдынча жазып киргизе алат (кыргызча дурус билбесе, кээде мындай ыктыярчы жолтоо да болушу мүмкүн);

Б. Дүйнөнүн башка тилдериндеги сөздүктүк макалаларды жана мултимедиа материалдарын тез арада кыргызчага которо алат (мындай макалаларга кыргыз таануу жагынан да кошумчалар жазууга болот; мисалы, Юрий Гагарин жөнүндө жазганда, анын Жети-Өгүзгө келип кеткендигин кошумчаласа болот; Индира Ганди менен Беназир Бхуттонун бир кездери Кыргызстанга саякаттап келгенин, Дэн Сяопиндин кызынын эскерүүсү, Шота Руставелинин, Марк Твендин, ж.б. бир катар чыгармалары кыргыз тилине которулгандыгын, ж.б. кошумчаласа болот);

В. Өз айылынын жана чөлкөмүнүн турмушу, географиялык, экономикалык жана башка маалыматтары, жана өз аймагындагы тарыхый инсандардын өмүр таржымакалы жана тарыхый салымдары жөнүндөгү маалыматтарды ырааттуу чогултуп, “Википедияга” макалалар түрмөгү катары киргизе алат;

Г. “Википедияга” ар кыл сүрөттөр, видеолор, жадыбалдар жүктөй алат;

Д. “Википедиядагы” ар кандай каталарды, так эместиктерди оӊдоп, тийешелүү шилтемелерди кошумчалап редакциялайт;

Е. Ушул жана башка усулдардын баарын айкалыштыра алат.

Эркин энциклопедияга камкордук керекпи?

“Википедиянын” тилдик казынасын кеңейтүүдө кээ бир мамлекеттерде өкмөттүк камкордук да байкалат. Мындагы маалыматтардын ачык жана цензурадан эркин экендигин эске алсак, айрым тоталитардык жана авторитардык мамлекеттерде “Википедияга”, тескерисинче, атайын бөгөт коюлуп жаткандыгынын анык себебин аңдай алабыз.

Демократиялык, ачык коом куруп жаткан Кыргызстанда болсо бийликтегилердин көпчүлүк өкүлдөрү “Википедиянын” кыргызча барагы бар экендигинен эч кабары жок жашап келишти. Ал тууралуу анча-мынча билген бийлик өкүлдөрү болсо анын жана башка ачык интернет ресурсарынын коомдогу олуттуу маанисин көп аңдай беришпеген сыяктуу.

Эми Кыргызстанда жагдай өзгөрө баштадыбы?

Жакында Кыргызстандын билим берүү министрлигинде бул маселеге кызыгуу байкалды. Ал эми “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду болсо (аны мурдагы президент Роза Отунбаева жетектейт) жер-жерлердеги коомдук жана илимий уюмдарга кайрылып, бул маселеде “википедиячы ашарчыларга” көмөк кылып, ырааттуу салым кошууга чакырык жасады.

Аяк оонанын (сентябрдын) 22синде Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасында “Википедиянын” кыргызча барагынын акыбалы жаатында өткөрүлүп жаткан коомдук талкууга катышууда.

Мунун өзү “Википедияга” карата бийликтегилердин мындан аркы терең кызыгуусун жаратаар бекен же жумуриятта Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандыгынын 26 жылдыгынын ирегесиндеги изи жок бүтө турган катардагы иш-чарабы?

“Википедиядагы” жөжөлөрдү ар күздө эмес, ар күнү санап өтүүгө болот. Үмүтүбүздө, бул жолугушуу өкмөттүк жана илимий-агартуучу жана маданий мекемелердин ачык, эркин интернет барактарын (анын ичинде “Википедияны”) көп багыттуу өнүктүрүү үчүн реалдуу иш-аракетке өтүүсүндөгү бурулуш окуялардан болуп калгысы бардыр.

Баары бир, бул жааттагы эң негизги таяныч – миллиондогон чыгармачыл атуулдардын ыктыярдуу аракети, карапайым айдың окурмандардын демилгеси экендиги шексиз. Өкмөт аларга кошумча гана өбөлгө түзө алат. Демократиячыл өкмөт да эч качан ачык энциклопедияга цензор болбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG