Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Ооганстанда түрмөдөн качкандардын бир тобу кайтарылды


Ооганстан -- Талибдер кол салган Газнидеги түрмө, 14-сентябрь, 2015.
Ооганстан -- Талибдер кол салган Газнидеги түрмө, 14-сентябрь, 2015.

Бүгүн эртең менен талиб согушкерлери Газни шаарындагы түрмөгө чабуул жасаганда төрт жүздөн ашуун айыпкер качып кеткен. Газни провинциясынын губернаторунун орун басары Мухаммад Али Ахмади абактан качкандардын 80 чактысы кармалганын билдирди. Анын айтымында, дагы 352 айыпкер азыр боштондукта, алардын арасында 150дөй талиб бар.

Бүгүн эртең менен бир жанкечти абак дарбазасынын алдында өзүн жардырып жиберген соң согушкерлер түрмөгө кирип кетишкен. Кол салуудан төрт полициячы ажал таап, дагы жетөө жаракат алган жана талибдер тарабынан да жети киши мерт болгон.

Ооган бийлигинин бир өкүлү түрмөгө кол салгандар гранатомет жана автоматтар менен куралданып, ооган коопсуздук күчтөрүнүн кийимин кийип алышканын айтты.

"Талибандын" өкүлү болсо бул чабуулга талибдердин катышы бар экенин ырастады.

XS
SM
MD
LG