Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:09

Кыргызстан этти ЕАЭБ ичинде сатууга уруксат ала элек


Ошондой эле сүт жана сүт азыктарын да Казакстандын буфердик аймактарына сатууга Кыргызстандан жети ишканага гана уруксат берилген. Мындай чечимди ЕАЭБдин экономикалык комиссиясы кабыл алганын, бул маселе 2016-жылдын 1-январына чейин караларын КР айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев “Азаттыкка” курган маегинде ырастады.

Анын маалыматы боюнча, Кыргызстан 2007-жылдан бери “эпизоотикалык абалы начар” деген жүйөө менен “кара тизмеде”. Учурда “кара тизмеден” чыгуу боюнча министрлик бир катар иштерди аткарууда, анын ичинде Казакстан менен Орусиядан алынган гранттык каражатка малды түрдүү ылаңдарга каршы дарылоо жана ар бир башын идентификациялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми жашылча-жемиштерди экспорттоого толук жол ачылган. Бул үчүн фермер Бишкек жана Ош шаарларындагы фито-санитардык лабораториядан өндүргөн товарын экспертизадан өткөрүп, сатууга уруксат берген тиешелүү документ алат. Ал үчүн фермер сатылуучу товарынын өлчөмүнө карабай 495 сом акы төлөйт.

Кыргызстан 12-августтан тарта ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп кирди. Келишимдеги эрежелерге ылайык кыргызстандыктар биримдикте эркин жүрүү жана иштөө, товар сатуу укугуна ээ.(ZKo)

XS
SM
MD
LG