Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:36

Ботобеков Илмияновдун доосу боюнча жогорку инстанцияга кайрылды


Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобеков Свердлов райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ботобеков өзү билдирди.

“Райондук соттун судьясы Мамбеталиеванын Илмияновдун пайдасына чечкен чечимине макул болбой, процессуалдык кемчиликтерди, мыйзам бузууларды пункттар менен жазып өткөрүп бердик. Шаардык соттун отуруму кайсы күнү болорун азырынча билбейбиз”, - деди Ботобеков.

Бишкектин Свердлов райондук соту Уран Ботобековду 1,8 млн. сом айыпка жыккан. Ага Ботобековдун “Вечерний Бишкек” медиа-холдингине караштуу "Кабар ордо" сайтына берген маеги негиз болгон. Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов ал маекти “кадыр-баркыма шек келтирди” деп, сотко доо арыз менен кайрылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG