Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:19

"Ыйман" фонду имамдарды окута баштады


“Ыйман” мамлекеттик фонду муфтият менен биргеликте Кыргызстандагы имамдарды окута баштады. Аталган фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, 3-августтан тарта Чүй облусунда мечит имамдарынын окуулары башталды.

“17-августта Ош облусуна барабыз. Окуу программасында диний жана светтик предметтер бар,- деп билдирди Н. Кадырбеков. - Дин жаатында куран, хитабат, хадис, акыйда окутулат. Светтик жаатта мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, убакыт менеджменти, тил маданияты, өзгөчө кырдаалдарда эл менен иштешүү, имамдын этикасы окутулат”.

Окууга Кыргызстандагы 2,5 миң имам тартылат. (МТо)

XS
SM
MD
LG