Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:03

Кыргыз-түрк дарыгерлери алгачкы бейтапка бекер операция жасашты


Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун өкүлү Кылычбек Жунушевдин билдиришинче, 27-июлда Баткендин 52 жаштагы тургунунун жүрөк кан тамырына операция жасалды.

Түркиядан келген 23 догдур кыргыз хирургдары менен чогуу дагы 10 кишиге жасалышы оор болгон жүрөк, кан тамыр ооруларын, нейрохирургиялык, пластикалык жана гинекологиялык операцияларды бекер жасашат. Эки айдан берки сүйлөшүүлөрдүн негизинде оор дартка чалдыккан, колунда жок жарандар тандалып алынган. Бир операциянын болжолдуу баасы 100 000 сом турат.

Операциялар "Кыргызстанда саламаттык аптасы" аттуу кыргыз-түрк медицина кызматкерлеринин биргелешкен иш-чарасынын алкагында ишке ашырылууда.

Расмий маалыматтарга караганда өткөн жылы Кыргызстанда жүрөк оорулуу 922 кишиге операция жасалган. Алардын 11 пайызга жакыны каза болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG