Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Түркия Сирия менен чек арасына дубал курат


Түркиянын чек арасында топтолгон качкындар
Түркиянын чек арасында топтолгон качкындар

Түрк бийликтери Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарына кетип жаткан чет элдик жарандардын агымын токтотуу үчүн Сирия менен чек арасына баштан аяк дубал тургузат. “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы Елена Солнцева билдиргендей, эки өлкөнүн чек ара тилкесинин 900-чакырымында бетон менен дубал курула баштады.

Бийликтер чек араны бекемдөө үчүн тилкелерге аскер бөлүктөрүн жана техникаларды тартып, кошумча өткөрмө бекет, видео камераларды жана эки кабаттуу зым тосмолорду орнотту.

Түркиянын оппозициясы мындай ыкманы эффективдүү эмес деп, бийликтерди чек араны коргой албаганы үчүн сындады.

Ушул күнгө дейре Түркиядан миңдеген адамдар Сирияга өтүп кеткени жөнүндө маалыматтар бар. Тилкеден өткөндөр Сирия жана Иракта ислам халифатын орнотуу аракетин көрүп жаткан “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун катарына кошулууда. Чек аралаш аймактарда ушу күндөрү эки миллиондой сириялык качкындар отурушат. Ал өрөөндө террордук чабуулдар, соода аткезчилиги жана жихадчыларды бир жерден экинчи жерге мыйзамыз которуулар болууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG