Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:54

Бачабаздыкка шектелген молдонун адвокаты Жогорку Сотко кайрылды


Баланы зордуктоого шектелген молдонун адвокаты ал психикалык жактан соо эмес экенин айтып Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Бир дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2012-жылдын 10-июнунда Ош шаарындагы Кыргыз-Түрк медресесинде 9 жаштагы тарбиялануучусун зордуктады деген шек менен молдо Нурсейит Калыбай уулу кармалган.

2014-жылдын 28-октябрында Ош облустук соту ал психикалык жактан оорулуу деп таап, Кызыл-Жалдагы Республикалык психиатриялык ооруканада мажбурлап даарылоого чечим чыгарган.

Бирок анын оорулуу экени күмөн жаратып, жабыркаган тараптын талабы менен Нурсейит Калыбай уулун Чым-Коргондогу оорукананын психиатрлары дагы бир текшерген. Жыйынтыгында ал соо экени далилденген. Ошол экинчи экспертизанын корутундусунун негизинде иш быйыл 7-апрелде кайра тергөөгө жөнөтүлүп, ал материалдар 3 айдан кийин сотко өткөрүлгөн.

Бирок соттолуучунун адвокаты учурда Чым-Коргондун корутундусун жокко чыгаруу суранычы менен Жогорку Сотко кайрылды. (YI)

XS
SM
MD
LG