Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Таштандыдан тажаган конуш тургундары

Бул Новоповловка айыл өкмөтүнө караштуу Ата Журт жага Тынчтык конуштары. Жер тилкелерин сатып алып там салып жашап жатканыбызга бери дегенде 6 жыл өтсө да бул жерде таштанды төгүү токтобой келет. Сүрөттө көрүнгөндөй ар кайсы айылдан чогулган ташдандыны күн сайын аз дегенде 6-7 машине келип төгүп кетет. Эки айылда болжол менен 4000 миңдей киши жашайт. Жаз, жай айларында таштандынын жытынан көчөгө чыгууга мүмкүн эмес. Айыл өкмөткө кайрылып, айта берип чарчадык. Жазда токтойт, күздө токтойт, кызыл китебиңер жок деп, сооротуп, ар кайсы шылтоону айтып келүүдө.

Карапайым элдин сөзүн чоңдор угат, биз да башкалардай таза аба жутсак экен деген үмүттөбүз. Ал эми чоңдор биздин үндү угат деген ишенич чоң.

Ата журт жана Тынчтык конуштарынын тургундары

XS
SM
MD
LG