Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Муфтий: имамдардын баары аттестациядан өткөрүлөт


Кыргызстандагы мечиттердин, чоң мечиттердин имамдарынын баары аттестациядан өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын башчысы Максат Токтомушев билдирди.

“Аттестациянын башкы максаты - имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу. Имамдарга 150 суроо берилет. Анын 100ү шариатка, 50сү мамлекеттик мыйзамдарга тиешелүү. Мындан тышкары имамдардын жеке делолору каралып, билими, соттолгон-соттолбогону, диний экстремисттик уюмдарга тиешеси барбы-жокпу, текшерилет”, деди Токтомушев.

Муфтийдин айтымында, учурда жума намазы окулчу миң чамалуу чоң мечиттердин имамдары аттестациядан өтүүдө. Кийинчерээк, катардагы мечиттердин имамдары, диний окуу жайлар да өткөрүлөт. Имамдарды иргөө ишин өлкөдөгү тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кирген аттестациялык комиссия аткарат. Жакында түзүлгөн "Ыйман фонду" имамдарга айлык төлөө үчүн аларды аттестациядан өткөрүүнү чечкен. (МТо)

XS
SM
MD
LG