Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Кыргызстандын ЕАЭБга кирүүсүнө байланыштуу маселелер талкууга алынат


ЕАЭБ саммити. Москва, 8-май, 2015-жыл
ЕАЭБ саммити. Москва, 8-май, 2015-жыл

“Евразия экономикалык биримдиги –Кыргызстандын улуттук экономикасын жаңылоого мүмкүнчүлүк” деп аталган тегерек үстөл бүгүн Бишкекте болот. Анда Кыргызстандын интеграциялык биримдикке кирүүсү менен андан улуттук экономикага тийүүчү пайда, Орусия тарап берип жаткан 1,200 млрд. долларды кантип туура пайдалануу тууралуу сөз болот. Талкууда орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кандай долбоорлорду каржылоого тийиш, бул фонддон кыргызстандык бизнес-коомчулук эмне күтсө болот, интеграциялык экономикалык долбоорлордон бийлик менен бизнес коомчулук кандай мамиле түзө алат деген суроолор көтөрүлөт.

Тегерек үстөлгө аткаруу бийлигинен өкүлдөр, парламент депутаттары, ишкерлер, эксперттер жана жарандык коом өкүлдөрү чакырылган.

8-майда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге кол коюлган. Аны уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттери ратификациялаган соң Бишкек уюмдун толук кандуу мүчөсү болот.

Жогорку Кеңеш буга байланыштуу документтерди ратификациялоонун үстүндө дүйшөмбүдөн тарта иштеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG