Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Сомдун курсу бекемделди, бирок канчага?


Акча алмаштырчу жайлардын бири. 21-апрель, 2015-жыл.
Акча алмаштырчу жайлардын бири. 21-апрель, 2015-жыл.

Акыркы күндөрү доллардын курсу өйдө-төмөн болуп, финансы базарын бир топ бейпайга салды. Улуттук банк көп мезгилден бери биринчи жолу валюта базарынан доллар сатып алды. Доллардын курсунун өзгөрүүсүнүн себептери эмнеде?

Тынымсыз көтөрүлүп келаткан доллар кокусунан артка кетип, төрт-беш сомго арзандап кетти. Бул чукул өзгөрүү соодагерлерди жана доллар менен анча-мынча байлыгын сактаган жарандарды бейпайга салып, айрымдарды акча алмаштыруу жайына чуркатты. Кескин көтөрүлүү туруксуздукту пайда кылгандай эле, кескин төмөндөө да ишенимсиздикти жаратат.

Улуттук банк сомго басым күчөгөндө долларды саттыкка чыгарса, бул ирет доллар сатып алды. 17-апрелде Улуттук банк 13.5 млн. доллар сатып алып, акча базарынын турукташуусуна жетишти. Улуттук банктын кийлигишүүсүнөн кийин доллардын курсу турукташып, бир доллар 60 сомдун тегерегинде болуп калды. Ал эми өйдө-ылдый боло баштаганда 58-59 сомго чейин түшүп барган эле. 20-апрелден тарта доллар кайра өсүү жолуна түшүп, 1 доллар 61 сом 50 тыйындан сатылып калды.

Кыргызстанда доллардын курсунун мына ушундай төмөндөөсүнө чейин Орусияда рублдин курсу тынымсыз өсүп келаткан.

Доллар жана рубль
Доллар жана рубль

Орусияда рублдин бекемделиши негизинен мунайга баанын өсүшү жана орус Улуттук банкынын туура кадамдары менен байланыштырып келатышат.

Ал эми Кыргызстанда сомдун курсунун бекемделишинин себебин Орусияда рублдин бекемделиши менен байланыштырышууда.

Экинчи жагынан, республиканын соода-сатыгында төмөндөө байкалат. Соода-саттыктын төмөндөөсү валютага талапты да азайтат. Маселен, быйылкы жылдын эки айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу импорт 17% төмөндөп кеткен. Анын үстүнө республика Бажы биримдигине май айынын башында кирет, ошондон тарта бажы төлөмдөрү кескин көтөрүлөт деген күтүүлөргө байланыштуу, коммерсанттар март жана апрель айынын башында көбүрөөк товар алып келип алууга аракет жасады. Маселен, автоунаа базарын алсак. Базардын бул тармагы учурда токтоп турат. Өткөн жылга салыштырмалуу автоунаа алып келүү дээрлик үч эсеге азайган.

Кыргызстандагы коммерциялык банктар бирикмесинин төрагасы Анварбек Абдраев сомдун курсунун бекемделишине бир нече факторлор таасирин тийгизди дейт:

- Рубль бекемделип, биздин сом дагы күчтүрөөк боло баштады. Экинчиден, жаз-жай мезгилинде туристтер, чет мамлекеттен адамдар келе баштады. Үчүнчүдөн, доллар бекемделип, сом күчүн кетире баштаганда эл долларды көбүрөөк кармап калган. Азыр эми өкмөттө да иш-чаралар көрүлө баштады. Ошондуктан эл дагы акчаны алмаштыра баштады. Мен өзүм дагы Москва менен Совет көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайларга барып, байкап көрсөм, накталай сом жок болуп атыптыр.

Анварбек Абдраевдин айтымында, накталай сомду азайтуу Улуттук банктын сомдун курсун сактоо багытындагы саясаты болуп келген. Бул өз кезегинде банктарда, базарда накталай сом азайышына алып келди.

Анварбек Абдраевдин пикиринде, сомдун курсу 50нүн тегерегинде турганы максатка ылайыктуу. Анын үстүнө импорттон көз каранды болгон мамлекет үчүн улуттук валютанын курсунун төмөн болушу жергиликтүү калк үчүн жакшы.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев да сомдун бекемделешин рублдин бекемделиши менен байланыштырат. Ошол эле учурда Улуттук банктын да таасири бар дейт:

- Биздин Улуттук банктын жасаган ишине байланыштуу болуп атат. Себеби, өз убагында Улуттук банк сомдун курсун кармайбыз деп, долларды интервенциялап келген. Азыркы кезде накталай сомдун аздыгы байкалууда. Коммерциялык банктар да сомдун тартыштыгына байланыштуу талаачылык иштердин башталганына карабай насыя бере албай калды. Ошого байланыштуу сомдун көлөмүн көбөйтүшү керек. Ошондуктан Улуттук банк доллар сатып алды. Көбүнчө биздин сом Орусиянын рублин ээрчип жатат.

Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, мындан ары да сом рублдун артынан ээрчий берет. Анткени Орусия Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү. Андан сырткары, жүз миңдеген эмгек мигранттары рублга иштешет.

Эксперттер кыргыз сомунун алдында дагы бир сыноо турганын белгилешет. Ал сыноо республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө байланыштуу. Маалым болгондой Кыргызстандын бул кадамы ишке ашкандан кийин соода-экономика, финансы байланыштарында өзгөрүүлөр болушу күтүлөт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG