Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:23

“Бир дүйнө Кыргызстан” кыймылынын иши үзгүлтүккө учурап жатат


"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын координатору, адвокат Хусанбай Салихов жана кыймылдын юристи Валерьян Вахитов бүгүнкү маалымат жыйында алардын кеңсесин жана үйлөрүн тинтүүгө сот кайсы негизге таянып уруксат бергендигин түшүнө албай жатканын билдиришти. Алар тинтүү мыйзамсыз жүргөнүн билдирип, Башкы прокуратурага кайрылышты.

Валерьян Вахитовдун билдиришинче, тинтүү маалында алардын көп жылдык материалдары, анын ичинде Азимжан Аскаров боюнча материалдар толугу менен алынган. Мындан тышкары алар УКМКнын кызматкерлери айыпталып жаткан үч кылмыш иши боюнча иликтөө жүрүгүзүп жаткан.

27-мартта атайын кызмат "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жумушка байланыштуу документтерди, компьютерлерди, маалыматтар сакталган флешкаларды алып кетишкен. УКМК кыймылдын кеңсесиндеги тинтүүнү Ош шаарында кармалган АКШ жараны Умар Фарукка байланыштырып, ал тиешелүү уруксат албастан облустагы диний кырдаал тууралуу маалымат топтоп жүргөнүн билдирген. Алар тинтүү мыйзамдуу жүргүзүлгөндүгүн билдирүүдө.

Ош шаардык соту 28-мартта Умар Фарукту Кыргызстандан депортациялаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG