Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Асанов: Жеке бийлик үй-бүлөлүк башкаруудан жаман


Бектур Асанов
Бектур Асанов

Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Бектур Асанов “Азаттыкка” маек куруп, 31-мартка белгиленген курултай, оппозициянын лидер шайлоосундагы талаш-тартыш жана башка суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Бектур мырза, кечээ жакында Улуттук оппозициялык кыймыл жаңы лидерди шайлаганы кабарланды. Бирок шайлоо учурунда оппозициянын арасында келишпестиктер пайда болгону маалым болду. Сиз маалымат бере кетсеңиз, кандай шайланды, талаш жараткыдай эмне болду?

Асанов: Ал жыйынга мен да катыша албай калдым. Жолугушууда болгондуктан кечигип калдым. Негизинен алганда пикир келишпестиктер болду дегендик туура эмес. Себеби шайлоо болду. Ага бир талапкер коюлуп, аны көпчүлүк колдоду. Бул Кубанычбек Кадыров. Кээ бирөөлөрү майрамдан кийин шайлайлы деген пикирди айтыптыр, бирок көпчүлүк бүгүн чечишибиз керек деп, маселе ошол күнү чечилген.

Кубанычбек Кадыров (солдон үчүнчү)
Кубанычбек Кадыров (солдон үчүнчү)

“Азаттык”: Оппозициянын 31-мартка белгиленген курултайы күн тартибинде турабы?

Асанов: Ооба, турат.

“Азаттык”: Талкуулана турган негизги маселе эмне?

Асанов: Саясий-экономикалык кризис, энергетикалык абал, коррупция. Делегаттардын сунушу да болот. Президентке ишеним көрсөтүү-көрсөтпөө маселеси да коюлушу күтүлөт.

“Азаттык”: Курултайга канча адамдын катышуусу күтүлүп жатат?

Асанов: Менин оюмча 10 миңдей киши болот. Жер-жерлерден 2 миңдей делегат келет. Калганы ошол жердин тургундары болот.

“Азаттык”: Ал жерде төңкөрүш сыяктуу мыйзамдан сырт аракеттер болбойбу?

Асанов: Эч кандай андай иштер болбойт. Биз ачык айталы, бул жерде элди коркутуу болуп жатат. Тынчтык митингин 20 жылдан бери өткөрүп келатабыз. Тынч, мыйзам чегиндеги митинг болот. Анын үстүнө Жалал-Абад шаарында митингдерде мыйзам бузуу боло элек.

“Азаттык”: Системдик эмес оппозициянын парламенттик оппозиция менен кызматташуусуна, эриш-аркак иштөөсүнө эмне тоскоолдук кылат?

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Асанов: Эми парламенттик оппозицияны шарттуу оппозиция десек болот. Ал жерде “Ата Журт” жана “Республика” бар да. Чындыгында алар оппозиция эмес. Ошондуктан алар менен сүйлөшө турган, мамиле түзө турган эч нерсе жок. Мисалы үчүн, алар бир да маселе боюнча биз менен макул болбосо керек. Кумтөр маселеси боюнча деле, энергетикалык кризис боюнча да сүйлөп эле коюшпаса, аракеттери жок. Ошондуктан системдүү эмес оппозицияга эл менен иштөө гана натыйжа берет деп ойлоймун.

“Азаттык”: Системдик эмес оппозиция өзү уюшулуп, кайсы бир партиянын туусу менен шайлоого барууга даярбы? Же башка жол менен бийликке келүүнү көздөп жатабы?

Асанов: Шайлоого сөзсүз түрдө даярдыктар болуп жатат. Кыймыл деген өзү чаржайыт келет. Ал саясий партия эмес. Кандай болсо да оппозициялык саясатчылар шайлоодо бирге болот. Азыр партиялар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. УОКтун өзүнө эле 11 партия мүчө.

“Азаттык”: Бийлик системасы боюнча акыркы кезде көп сөз козголуп жатат. Оппозициянын ою кандай? Бийлик системасы, Конституция өзгөрүш керекпи?

Асанов: Биздин негизги көз караш боюнча Конституцияга тийбеш керек. Мамлекеттүүлүктү бекемдеш керек. Кыргызда сөз бар “орок оро албаган орок тандайт” деген. Конституцияны өзгөртүү аракеттери да ошондой.

“Азаттык”: Кээ бирөөлөр президент бардык бийликти узурпациялап алды, ага азыркы Конституция жол берди деп сындап жатпайбы?

Асанов: Мына ушундай пикирлер бар. Бирок буга парламенттин, партиялардын алсыздыгы себеп. Муну да туура түшүнүшүбүз керек. Себеби 2010-жылы кырдаал өтө туруксуздашып турган учурда шашылыш шайлоо болуп, ушундай болуп калды. Эми кийинки парламент андай болбойт. Анткени лидерлер депутаттыкка талапкерлерди өтө кылдаттык менен тандап алышат. Ошондуктан кийинки парламенттин сапаты жогору болот деген ишенич бар. Күчтүү парламент болсо президенттин бийликти ээлеп алуусуна жол бербейт.

“Азаттык”: Бийлик коррупцияга каршы күрөштү чоң жетишкендик катары баалап жатат. Ал күрөштүн натыйжасына кандай баа бересиз?

Асанов: Менин оюмча, бийлик бир нерсени моюнга алышы керек. Өзгөчө Аида Салянова кызматтан кеткенден кийин коррупцияга каршы күрөш дефолтко учураганын моюнга алыш керек. Салянова ачык айтып жатпайбы “коррупцияга каршы күрөшүп жаткан учурда президент мени коррупционерлерге салып берди дегендей”. Негизинен ошондой. Тандалма дейбизби, башка дейбизби, коррупцияга каршы катуу иш-аракеттер Салянова тарабынан жасалып жаткан.

“Азаттык”: Азыркы президент бийликти колуна топтоп алганы айтылып жаткан менен мурункудай үй-бүлөлүк башкаруу байкалбайт да. Президенттин коррупцияга аралашканы байкалабы?

Кумтөр кени
Кумтөр кени

Асанов: Мен бир нерсени айтып коеюн, Кумтөр бул коррупциянын символу. Ал эки президенттин, бир нече парламенттин, өкмөттүн башын жеген. Беш жылдан бери, бул бийлик келгенден бери Кумтөр чечиле элек. Дагы эки жарым жыл ичинде да чечилбейт. Бул бийлик турганда чечилбейт. Булар антебиз-минтебиз, дагы убакыт берели деп атып, аягында жаңы парламент чечсин дегенге өтөт. Ошентип атып бул бийлик кетет. Ошондуктан коррупциянын символу чечилбегенден кийин... эч чоң факты турат. Экинчиден, энергетика тармагын, бажы, "Манас" аба майданын ким кармап отурат? КСДП партиясы. КСДП партиясы бул коллективдүү партия эмес. Бул бир гана кишинин партиясы. Үй-бүлө башкарат деп атпайбызбы, азыр бир киши башкарып атат. Кээ бир учурларда жалгыз адам башкаргандан үй-бүлө башкарганы прогрессивдүүрөөк, дурусураак деп ойлоймун. Себеби үй-бүлөсү аркылуу президентке таасир этсе болот. Бүгүн жалгыз адам баарын чечип атат. Бүгүнкү күндө таасир этүү мүмкүн эмес. Үй-бүлөлүк башкарууга караганда дагы жеке башкаруу коркунучтуураак.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG