Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

ИМдин карааны Борбор Азияга жакындоодо


"Ислам мамлекети" тобунун согушкери
"Ислам мамлекети" тобунун согушкери

Ооган бийликтери өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кундуз провинциясында “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары пайда болгонун тастыктады.

Тажикстан менен чек аралаш жайгашкан Кундуз провинциясы ээлеген стратегиялык орду боюнча Борбор Азияга чыкчу дарбаза эсептелет. Ооганстандын Борбор Азияга чектеш бөлүгүндө “Ислам мамлекети” тобунун желдеттери пайда болгону биринчи жолу маалымдалды.

Ооганстандын Тажикстанга чек аралаш бөлүгүндө Сирия жана Ирактын бир кыйла бөлүгүн ээлеп, халифат жарыялаган “Ислам мамлекети” уюмунун желдеттери пайда болгонун расмий Кабул ырастады.

Жихадчылардын куралдуу топторун Кундуз провинциясынын үч аймагында жергиликтүү эл көргөнүн губернатор Мухаммед Умар Сафи 3-мартта “Эркин Ооганстан” радиосуна билдирди.

Ооган күчтөрү
Ооган күчтөрү

- Чар Дара, Имам Сахиб жана Арчи райондорунун айрым бөлүктөрүнүн эли “Ислам мамлекети” тобунун согушчандарынын караанын көргөн. Алар бул райондордо 50дөн 70ке чейин согушчанды көрүшкөн. Бетин чүмбөттөп алган кара кийимчен согушчандар жергиликтүү элден өздөрүн обочо кармап жүрүшкөн.

Тажикстанга чектеш Кундуз провинцияда 1 миллионго жакын эл жашайт. Алардын негизги бөлүгү пуштундар, өзбектер жана тажиктер. Кундуздун жетекчилиги ооган өкмөтүнө кайрылып, провинцияга коркунуч жараткан жихадчыларга каршы чара көрүүнү сурады.

Кундуз провинциясы 1990-жылдардын башында Өзбекстан ислам кыймылынын жабыт жайы болгон.

Ооганстандык серепчилердин айтымында, жихадчылар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга чыгууну көздөшөт.

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери
"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери

Ооган президенти Ашраф Гани 8-февралда Мюнхендеги коопсуздук конференциясында сүйлөп, Пакистан армиясынын Түндүк Вазиристан аймагындагы операциясынан улам эл аралык террорчулар Ооганстанды көздөй жылганын жана “Ислам мамлекети” уюму, арапча "Даиш" да өз торун жайып жатканын айткан.

Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн командири, америкалык генерал Жон Кэмпбелл 12-февралда Сенаттын тышкы байланыштар комитетиндеги талкууда Ооган жеринде пайда болгон “Даиш” өлкөдө таасири жоголуп бараткан кээ бир талиптер өздөрүнө көңүл бурдуруу максатында кара туу астына биригүүгө аракет кылганына токтолгон. Кэмпбелл ошол эле учурда "Даиштин" Борбор Азияга башын батыруусуна жол бербөө үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүш керектигин айткан.

Ооган жеринде “Ислам мамлекети” уюмунун желдеттери пайда болгонуна 5-мартта Орусиянын коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов да журналисттердин көңүлүн бурду.

- Биз бүгүн Ооганстанда эмне болуп жатканын көрүүдөбүз. Татаал жагдай түзүлүүдө. Түрдүү террордук уюмдар кайра түзүлүп жатканын көрүп жатабыз. Бул чөлкөмдө “Ислам мамлекети” тобунун алгачкы группалары пайда болгонуна көңүл бурдук. Алар биздин союздаштарыбыздын түштүк чек арасына, биринчи кезекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кысым жасай баштаганын көрүүдөбүз.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жоокерлери биргелешкен машыгуу учурунда
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жоокерлери биргелешкен машыгуу учурунда

Антонов Москвадагы маалымат жыйынында Ооганстандагы “Ислам мамлекети” тобу биринчи кезекте ЖККУга мүчө Тажикстанга коркунуч туудуруп жатканын белгиледи.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Тажикстандан башка да Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус жана Орусия мүчө.

Бетине кара кап каптап, баштан аяк кара кийген жана “Ислам мамлекети” уюмунун кара желегин көтөргөн согушчандар Ооганстандын түштүгүндөгү Лугар провинциясында жана түштүк батышындагы Фарах провинциясында да пайда болгон. Буга чейин алар түрдүү баракчаларды таратып, Кабулдун шиит жамаатын да коогалаңга салганы кабарланган.

Февралдын башында “Ислам мамлекети” уюмунун Ооганстандагы башчысы деп боолгонгон молдо Абдул Рауф Кадим түштүктөгү Гелманд провинциясында жок кылынды. Январда анын желдеттери талиптер менен тийе качып салгылашып, жергиликтүү элди коркута баштаган болчу.

XS
SM
MD
LG