Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:38

Түркия: журналисттин өлүмүнө шектелип мурдагы полициячы кармалды


Түркияда армян тектүү журналист Грант Динктин өлүмүнө шектүү катары өлкө полициясынын чалгын кызматынын мурдагы жетекчиси Рамазан Акйүрек бүгүн Анкарада кармалды.

Кош тилдүү “Агос” гезитинин редактору Динк Стамбулда 2007-жылы атып өлтүрүлгөн. Ал 20-кылымдын башындагы армяндардын массалык кырылышын “геноцид” деп атап келген эле. Анын өлүмү үчүн буга чейин бир түрк жараны соттолгон. Бирок былтыр июнда иш кайрадан жанданып, иликтене баштаган.

Январда Динкке кол салууну алдын алган эмес деп эки полиция кызматкери кармалган эле.

Рамазан Акйүрек акыркы жылдары Эрдоган менен каршылашып келген диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкери катары кызматтан кетирилген полициячылардын катарында болгон.

XS
SM
MD
LG