Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:20

Мьянмадагы кагылыш 47 аскердин өмүрүн алды


Мьянма картасы.
Мьянма картасы.

Мьянмада өкмөт күчтөрү менен Кокан автономиясынан нааразылыкка чыккандар ортосундагы кагылышта 47 аскер каза таап, 73ү жараат алды. Козголоңчулар арасында мерт кеткендер тууралуу так маалымат жок.

Расмий кабарларга ылайык, Мьянманын Кытай менен чектеш Лукай районунда соңку күндөрү 13 жолу түрдүү кагылыштар болду. Бийлик козголоңчулардын мыкты куралданганын айтууда.

Маалыматтарга караганда, кырдаал курч экенине байланыштуу Мьянма өкмөтү расмий Пекинге кайрылып, зарыл учурда чек арада жашаган карапайым калкты Кытай тарапка качып өтүүсүнө шарт түзүүнү суранган.

Мьянманын чек арадагы Кокан автоном облусунда кырдаал өткөн жылдын декабрынан бери курчуп келатат.

XS
SM
MD
LG