Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:15

Кара-Суудагы имам Камалов эки айга камалды


Рашод Камалов
Рашод Камалов

"Ас-Сарахсий" мечитинин имамы Рашод Камаловдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочуларынын бири Валерьян Вахитов "Азаттыкка" билдирди.

"Камаловду кармап кетүү кандай мыйзамсыз жүрсө, баш коргоо чарасын кароо да ошондой эле мыйзамсыз болду. Сот ишин кантип милициянын кабинетинде чечсин. Биз сотко ишенбөөчүлүк көрсөтсөк да, ага маани беришпеди", - деди Вахитов.

Вахитовдун айтымында, шаардык сот Камаловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ишти Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кабинетинде караган.

9-февраль күнү кармалган Кара-Суудагы “Ас-Сарахсий” мечитинин имамы Рашод Камаловго милиция буга чейин эктремизмге чакырык жасаган, Кыргызстанда халифат курууга аракет кылган деп айып тагып келсе, эми аны Сирияга адамдарды жөнөткөн деп да күнөөлөп жатат. Күч кызматтарынын кабарлашынча, ал өз мечити аркылуу үгүт жасап, 30-40тай жаранды Сириядагы согушка жиберген деп шектелүүдө. Милиция кабарлагандай, азыр анын үстүнөн 10дон ашык киши арыз жазган. (ErN).

XS
SM
MD
LG